Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

Судан: президент камалып, бийликти армия колго алды


Коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф.
Коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф.

Суданды 30 жыл башкарган президент Омар Баширдин бийлиги 11-апрелде кулаганын өлкөнүн коргоо министри Авад Мухаммед ибн Ауф жарыялады.

"Мен коргоо министри жана Жогорку коопсуздук комитетинин башчысы мурдагы режим кулатылганын жарыялайм. Анын башчысы Омар Башир камакка алынды жана азыр коопсуз жерде кармалууда", - деди коргоо министри.

Эки жылдык өткөөл мезгилде бийликти армия өз колуна ала турганы да маалым болду. Армия кийинки шайланган башчыга бийликти өткөрүп берүү иши менен алектене турган атайын кеңеш түзүлө турганын да кошумчалады.

Ошондой эле Суданда 2005-жылы кабыл алынган Конституция жокко чыгарылды. Өлкөдө үч айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Түмөндөгөн судандыктар баш калаа Хартумдун көчөлөрүнө чыгып, президенттин бийликтен кетишин майрамдап жатышат.

Айрым маалымат каражаттары Суданда аскердик төңкөрүш болгонун жазышууда.

1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген президент Омар Баширге каршы демонстрациялар декабрдан бери уланып жаткан. Алгач ага өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы, накталай акчанын жетишсиздиги түрткү болуп, кийинчерээк президенттик башкарууга каршы ураандар айтыла баштаган.

XS
SM
MD
LG