Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:46

Эрдоган Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга үндөдү


Түркиядагы шайлоо. 31-март. 2019-жыл.
Түркиядагы шайлоо. 31-март. 2019-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырды. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги түркиялык өкмөттүк басылмаларга таянуу менен билдирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер иштеши керек. Эрдогандын айтымында, Стамбулдагы айрым шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылган эмес.

Баштапкы жыйынтык боюнча Стамбулдун мэрин шайлоодо оппозициялык Республикалык элдик партиядан талапкер Экрем Имамоглу жеңишке жетишти. Ал 0,2 пайыз менен Түркиянын мурдагы премьер-министри Бинали Йылдырымдан озуп кетти.

Түркияда муниципалдык шайлоолор 31-мартта өттү. Добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катталган. 7-апрелде бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы БШКга кайрылып, Стамбул мэрин кайра шайлоону талап кылган.

XS
SM
MD
LG