Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

Жаңы Зеландиянын парламенти куралга тыюу салууну колдоду


Крайстчөрчтүн теракт болгон аймагы. 15-март, 2019-жыл.
Крайстчөрчтүн теракт болгон аймагы. 15-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын парламенти жарым автоматтык куралдардын бардык түрүнө тыюу салууну колдоду. 10-апрелде тиешелүү мыйзам долбоорун 119 депутат жактырып, бир гана эл өкүлү каршы болду. Аталган документ апта соңунда күчүнө кириши күтүлүүдө.

Мындай чаралар 15-мартта Крайстчөрч шаарындагы эки мечитте болгон теракттан кийин кабыл алынып жатат. Анда экстремисттик көз караштагы Брентон Таррант аттуу австралиялык жаран жума намазга чогулган адамдарга ок жаадырган. Теракттан 50 адам курман болуп, 39 киши жабыркаган.

Жыл соңун утурлай Жаңы Зеландияда курал-жаракты каттоого алуунун жана лицензия берүүнүн жол-жоболорун күчөтүүчү мыйзам долбоорлору талкууланганы жатат.

XS
SM
MD
LG