Экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоору 4-апрелде Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болду.
Добуш берген депутаттардын 111и «макул», ал эми үчөө «каршы» деп добуш беришти. Эми документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт.
«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика – Ата Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Парламент ошол мыйзам долбоорун былтыр декабрда биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берген.
Ал эми экинчи окууга келгенде долбоор олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Исхак Масалиев кол тийбестик тууралуу беренени алып салуу жөнүндө сунуш киргизилгенин, бирок дал ошол берене алынмак тургай кайра күчөтүлгөнүн, ошондуктан баштапкы идея таптакыр өзгөргөнүн айтып, каршы добуш берерин билдирген.
Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон. (RK)