Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Бир ай бою аймактарда Дооронбек Садырбаевдин тасмалары көрсөтүлөт


Дооронбек Садырбаев (ортодо) иш учурунда. Архивдик сүрөт.
Дооронбек Садырбаев (ортодо) иш учурунда. Архивдик сүрөт.

Дооронбек Садырбаевдин тасмалары бир ай бою Кыргызстандын бардык аймактарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

1-7-апрелде режиссердун чыгармачылыгына арналган жумалык уюштурулуп, Бишкектеги Кино үйүндө анын тасмалары көрүүчүлөргө тартууланып жатат.

Киножумалык 1-апрелде «Арман» аттуу көркөм тасмасы менен башталды. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун «Уулум менен жолугушуу» аңгемесинин негизинде тартылган.

Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев быйыл 80ге чыкмак. 13-февралда мааракелик иш-чара Жалал-Абадда өзү туулуп өскөн Ноокен районунда белгиленди. Ал 70тей даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин жана 700дөй публицистикалык макаланын автору. (RK)

XS
SM
MD
LG