Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Вашингтон Анкарадан орус ракетасын сатып албоону талап кылды


Орусиянын С-300 ракета системасы. 29-ноябрь, 2018-жыл.
Орусиянын С-300 ракета системасы. 29-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ Түркиянын Ф-35 согуш учактарын жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү, подполковник Майк Эндрюс түркиялык Ф-35 учактарынын «ыкчам даярдыгын колдоо иштери убактылуу токтойт, бирок Анкара менен бул маанилүү багыттагы диалог улана бермекчи» деп билдирди.

Анкара жалпысынан 100 учакка буюртма берип, былтыр июнда алгачкы эки учакты алган.

Түркия Ф-35тин айрым тетиктерин, дөңгөлөктөрүн, кабинанын дисплейлерин чыгарат.

Буга чейин Кошмо Штаттар Орусиянын С-300 ракета системасы Ф-35 учактарына коркунуч туудурарын эскертип келген. Түркия НАТОнун мүчөлөрүнүн арасынан Орусиядан курал-жарак алуу жөнүндө келишим түзгөн биринчи өлкө болуп калды.

АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү С-400 радары согуш учактарынын сөз болуп жаткан түрүн көзөмөлдөөнү үйрөнүшү мүмкүн деп кооптонушат.

2017-жылы Анкара эки жарым миллиард долларга С-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алуу тууралуу Москва менен келишимге кол койгон.

XS
SM
MD
LG