Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:51

Пакистан Кашмирде үч аскери курман болгонун билдирди


Жарадар болгон адамды ооруканага жеткирүү учуру. Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагы. 2-март, 2019-жыл.
Жарадар болгон адамды ооруканага жеткирүү учуру. Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагы. 2-март, 2019-жыл.

Исламабад талаштуу Кашмир аймагында Индиянын чабуулунан пакистандык үч жоокер каза таап, бир нечеси жарадар болгонун 2-апрелде тараткан билдирүүсүндө кабарлады. Анда түн ортосунда коюлган чабуулга Пакистандын армиясы дароо жооп кайтарганы белгиленген.

Индия тарап бул билдирүү боюнча үн каткан жок. Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алгандан кийин курчуп кеткен.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан «Жаиш-и Мухаммад» тобу өзүнө алган.

Индия Пакистанды «согушкерлерди таптап жатат» деп күнөөлөсө, расмий Исламабад айыптарды четке кагып келет.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келе жатышат.

XS
SM
MD
LG