Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Путиндин сапары: аскердик база жана Жерүй


Путин Кыргызстанга келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Путин Кыргызстанга келди.

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путинди Сооронбай Жээнбековдун расмий кабыл алуу иш-чарасы өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы аземде эки өлкөнүн гимни ойнолуп, президенттер эки өлкөнүн расмий адамдары менен учурашты.

Андан кийин мамлекет башчылар чакан форматта сүйлөшүү үчүн «Конгресс холл» имаратына кирип кетишти. Президенттик аппарат кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков орусиялык кызматташы менен жылуу учурашып, иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанда сизди чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш катары жакшы билишет жана баалашат. Биз сизге жана орусиялык досторубуз үчүн дайыма кубанычта болобуз. Орусия – биздин жакын, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Орусия Федерациясы менен болгон алакабызга биз дайым урмат менен мамиле кылабыз. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз сапаттык жагынан жогорку деңгээлге чыкты», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 17 документке кол койгону маалым болду.

Жээнбеков менен Путин тар чөйрөдө кезикти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Орусиянын президенти Владимир Путин Жээнбековдун чакыруусуна рахмат айтып, өткөн жолугушууну эскерип кетти.

«Биз анда маселелерди талкуулаганбыз, азыр ошол сөзүбүздү улантып жатканыбыз жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан – биздин ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстан тынч, туруктуу турганын жана ал социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет», - деди Путин.

Мунун алдында мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Орусиянын президентин расмий кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланды.

Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:50 0:00

Бул жыйында Сооронбай Жээнбеков жолугушууга тарыхый окуя деп баа берди.

"Сиздин сапарыңыздын алкагында биз жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар эки тарапты кызматташуунун бардык тарабын камтыды. Сиздин жеке катышууңуз жана колдооңуз менен биздин кызматташуубуз сапаттуу деңгээлге чыкты жана жигердүү жандана баштады. Сиздин мамлекеттик сапарыңыз - кыргыз-орус алакасындагы бараандуу тарыхый окуя. Биз эки тараптуу бир топ документке кол койдук жана алар эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына төп келет, алака-катышты жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгарат. Аларды ишке ашыруу эки өлкөнүн элине көп пайда алып келет. Биз тышкы саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүүнү ниет кылып жатабыз. Союздук алаканын негизинде бирге аймактык коопсуздукту камсыз кылабыз. Биз бүгүн 2020-жыл Кыргызстандагы Орусиянын жана Орусиядагы Кыргызстандын жылы болот деп макулдаштык. Товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйүп жатканы сүйүндүрөт. Орусиядан келген түз чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 123 миллион долларды түздү. Бул 2017-жылга салыштырганда 25 пайызга көп. Биз инфраструктуралык, транспорт, темир жол, энергетика жана өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашырабыз деп сүйлөштүк. Кыргыз тарап ЕАЭБдин алкагында бири-бирине каттаган эки өлкөнүн жарандарынын эмгектенишине жагымдуу шарт түзүп берүү маселесин көтөрдү. Урматтуу достор, Орусия Федерациясы жалпы коопсуздукту камсыз кылууда, глобалдуу жана аймактык маселелерди чечүүдө биздин жакын, ишенимдүү шерик, узак мөөнөттөгү стратегиялык өнөктөш. Биз Орусиянын ийгилигине ар дайым кубанабыз. Биз кыргыз-орус достугун чыңдоону улантабыз" - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми орус президенти Владимир Путин Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи:

"Кыргызстан бизге стратегиялык өнөктөш, ишенимдүү шериктеш. Бизди көп жыл бою сыналган достук, бири-бирин түшүнүү мамилеси байланыштырып турат жана биз бул байланышты аздектейбиз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, маданий, гуманитардык дагы башка тармактарда деле эки тараптуу алаканы мындан ары да чыңдоого кызыгарыбызды билдирдик. Тар жана негизги министрликтердин жетекчилери катышкан кеңири чөйрөдөгү жолугушууларда соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бөлдүк. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өскөнү кубантарлык. Биздин статистика боюнча былтыр товар жүгүртүү 17 пайызга көбөйдү жана 2 миллиард долларга чейин жетти. Кыргызстанда 700дөй биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Кыргыз-орус мекемелер аралык комиссиясы үзүрлүү иштеп жатат. Мунайгаз тармагында жылыш бар. "Газпром" Кыргызстанды 2030-жылга чейин газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы планды ишке ашырып жатат. Орусиялык концерн 100 миллиард рублдин 16 миллиардын инвестиция кылды. Мындан улам газдаштыруу 22 пайыздан 30 пайызга жетти. Муну 60 пайызга жеткирүү планы бар жана бул пландын ишке ашарына көзүм жетет. Бүгүн биз ВТБ банкы, "Группа Альянс" жана кыргызстандык "Альянс Алтын" Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча ири долбоорду ишке ашыра баштайт деп сүйлөштүк. Жакынкы 20 жылдын ичинде долбоорго 600 миллион доллар инвестиция салынмакчы".

Мунун алдында орусиялык басылмалар Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго таянып, Москва менен Бишкек жетишкен жаңы макулдашууга ылайык Орусиянын бирдиктүү аскердик базасы турган жер аянтына болгон ижара акысы көбөйтүлөрүн жазды.

2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөйт. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. Кошула турган сумма 291 миң доллар болору айкын болду.

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Орусиянын президенти Владимир Путин Жерүй кенине алдыңкы жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын да белгиледи.

Владимир Путиндин учагы 28-март күнү, саат 7:30да «Манас» аэропортуна конду. Аны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

27-мартта Кыргызстан жана Орусия аймак аралык ишкерлик конференциясы өтүп, ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлор болуп жалпысынан 700гө жакын адам катышты.

«Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында тараптар ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Эң чоң сумма - 1,2 млрд. долларлык кызматташуу боюнча макулдашууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен «Росгеология» акционердик коомунун башкы директору Сергей Сучков кол коюшту.

Мындан сырткары тараптар ар бири 50 миллион долларлык алты меморандумга жетишти. Алардын биринчиси - Кыргызстандын Жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Эрлис Акунбеков менен орусиялык «НПК ГидроИнТех» ишканасынын башкы директору Олег Долгановдун ортосуда коюлган жер семирткичтерди өндүрүү жөнүндө документ.

Экинчиси - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, кыргызстандык «КЕН ЖОЛ-АГРО СОЮЗ» ишканасынын жетекчиси Д. Намазбеков менен орусиялык «ИНТЕР ТРАНС» ишканасынын башкы директору Сергей Панышевдин биорганикалык препараттарды өндүрүү боюнча меморандуму. Үчүнчүсү - алдыда аталган Чодуев жана Кыргызстандын Экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова менен орусиялык «ЗОЛОТОЙ КОЛОС» соода үйүнүн башкы директору Владимир Лебедевдин органикалык жер семирткичтерди чыгаруу жөнүндө келишими.

Кыргыз-орус президенттери кол койгон документтер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

Төртүнчүсү - кыргызстандык жеке ишкер Н. Акимова менен орусиялык «ЭКОРОСТ» компаниясынын башчысы Дмитрий Тихоновдун жем өндүрүү боюнча макулдашуусу. Орусиялык «Агровет» компаниясынын башкы директору Давудай Девришов менен жана орусиялык «Завод Молмаш» ишканасынын жетекчиси Павел Карцев менен түзүлгөн бешинчи-алтынчы макулдашууларга да айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев кол койду.

Мындан сырткары орусиялык «Трактор» компаниясынын жетекчиси Владимир Андрюшенко менен кыргызстандык «АХТС-Уралец» ишканасынын башчысы Кайрат Жумашев айыл чарба техникасын Кыргызстанга алып келүү жөнүндө 20 миллион долларлык макулдашууга жетишти.

Кыргызстандын «БШЗ» ишканасынын директору Бакытбек Турдубаев Казан мамлекеттик ок-дары чыгаруучу заводунун өкүлү Ильдус Самитов менен 15 млн. 300 миң долларлык, Барнаул патрон заводунун директору Игорь Куппа менен 15 млн. долларлык макулдашууга кол койду. 8 миллион долларлык суммада кызматташуу тууралуу макулдашууга «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азат Эгинбаев менен орусиялык «Алкоинвет» ишканасынын өкүлү Марина Картридж кол коюшту.

26-27-март күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтүп, ага Орусиянын Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору катышты.

Жыйында Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу боюнча демилге көтөрүлдү.

Путиндин бул сапарынын алкагында жалпысынан эки тараптуу кызматташтык боюнча отуздан ашуун келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG