Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Кыргыз-орус ректорлорунун форумундагы ката жазуу сынга кабылды


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке инвестиция" деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп жатат.

Анда адамдар чыгып сүйлөй турган трибунада сөздүн ката жазылганы жана сүйлөм түзүлүшү сынга кабылды. Социалдык тармактарда билим берүүнүн өнүгүшүн талкуулаган форумда ката жазуу үчүн уюштуруучуларды жоопко тартуу талабы айтылууда.

Орус-кыргыз ишкерлеринин форумун уюштуруу иштеринде бир катар кемчиликтер орун алганы да кабарланды. Анда ишкерлер өз тармагы боюнча жыйындарды таппай кыйналышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG