Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Ингушетия: митингдин катышуучулары полиция менен кагылышты


Магастагы акция. 26-март, 2019-жыл. Ингушетия.
Магастагы акция. 26-март, 2019-жыл. Ингушетия.

Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасынын борбору Магастагы нааразылык акциясы шаршембиде да уланды. 26-мартта шаардын борбордук аянтына миңдеген киши чогулган. Алардын бир бөлүгү аянтта түнөп, президент Юнус-Бек Евкуровдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Демонстранттар "Ингушетия республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылык билдирип чыгышкан. Документте Ингушетия менен Чеченстандын чек арасын жылдыруу каралган.

Эртең менен полиция митингге чыккандарды таратуу аракетин көргөндө тиреш болду. Анда бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Бийлик беш күндөн кийин акцияга уруксат берүүнү убада кылгандан кийин катышуучулар тараганын уюштуруучулар билдиришти.

20-мартта президент республиканын чек арасын, аталышын референдумсуз эле өзгөртүүгө жол берген мыйзам долбоорун Элдик жыйындан чакыртып алган. Бир күн мурда документ парламентте биринчи окуудан өткөн. Депутаттар аны 28-мартта экинчи окууда талкуулаганы жаткан.

XS
SM
MD
LG