Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

«Ислам мамлекети» террор тобу Сирия аймагында көзөмөлүн жоготту


Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

Ак үй АКШнын Коргоо министрлигинин «"Ислам мамлекети" террор тобу Сирия аймагындагы көзөмөлүн толук жоготту» деген билдирүүсүн тастыктады.

Бул жөнүндө Пентагондун башчысынын милдетин аткаруучу Патрик Шанахан АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридага баратканда учакта кабарлаган. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдиргенин «Reuters» агенттиги маалымдады.

Буга чейин Кошмо Штаттар колдогон «Сириянын демократиялык күчтөрү» Багхуз шаарындагы чабуул ийгиликтүү аяктаганын жарыялашкан. Бул шаар террористтик топтун Сирия аймагындагы акыркы карманган жери болчу.

2018-жылы Дональд Трамп Сирияда «Ислам мамлекети» террор тобу утулганын жарыя кылган. Президенттин билдирүүсү америкалык аскерлердин Сириядан чыгарууга даярдалып жаткандыгы белгилүү болгондон кийин айтылган. Трамптын америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча чечими Конгресстин жана АКШнын өнөктөштөрү тарабынан сынга кабылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG