Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Кыргызстандык төрт балбан Азия чемпиону болду (видео)


Ренат Ильяз уулу.
Ренат Ильяз уулу.

Ушул күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде кыргызстандык балбандар төрт алтын, эки күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын Күрөш боюнча федерациясынын маалыматына таянсак, мелдеш 21-мартта башталды. Бул күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Ренат Ильяз уулу (77 кг) жана Роман Ким (130 кг) алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болушту.

Коло байгелерди Амантур Исмаилов (67 кг), Бек Коңурбаев (72 кг) жана Ильгиз Билимов (82 кг) алды.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг. салмакта Азия чемпионатынын (U23) байге ээлерин сыйлоо аземи. Бул салмакта кыргызстандык Ренат Ильяз уулу (77 кг.) Азия чемпиону болду. 21-март, 2019-ж.

Бүгүн, 22-мартта грек-рим күрөшү боюнча мелддеште кыргызстандык балбандар байге үчүн күч сынашуусун улантты. 55 килограммга чейинки салмакта Сардарбек Конушбаев төрт атаандашын жеңип, Азия чемпиону аталды. Үч атаандашын жеңип, бирден атаандаштарына жеңилген Элмар Талантбек уулу (63 кг) жана Калидин Асыкеев (87 кг) күмүш байге алышты.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы төрт алтын, эки күмүш жана үч коло байге менен 182 упай топтоп, 182 упай менен командалык эсепте 2-орунга чыкты. Коло байгени 167 упай топтогон Казакстан ( 2 алтын, 2 күмүш, үч коло), алтын байгени 202 упай топтогон Иран командасы алды (төрт алтын, үч күмүш, эки коло).

Грек-рим күрөшүнөн сырткары бүгүн эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнчада таймаштар башталган.

Эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков алтын байге үчүн күрөшөт. Ал алгач айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Сонба Танажи Гонганени 10:0, йемендик Хусейн Абдуллах Аль Аззанини 12:0, монголиялык Цогбадрах Цевеенсуренди 6:0 эсебинде жеңип, жарым финалда ирандык Мохаммад Сиаваш Намжуу Мотлагх Паскехти 6:1 эсебинде утту.

Алдыда алтын байге үчүн ал индиялык Сонба Танажи Гонгане менен таймашат. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталды.

Спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 24-мартка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG