Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

«Коопсуз шаар» жыл аягына чейин республика боюнча ишке ашат


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасын ишке киргизүүгө жалпысынан 24 миллион доллар каражат керектелет.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Маалыматка караганда, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабында Кыргызстандын жети облусу, республикалык маанидеги эки, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар жана 73 калктуу аймак камтылат.

Долбоор 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт. Анын негизинде беш жылда бюджетке 20 миллиард сомдой каражат түшөрү күтүлүп жатат.

12-февралдан тарта Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. (AlS)

XS
SM
MD
LG