Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

Жаңы Зеландия куралдын айрым түрлөрүнө тыюу салды


Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн, 20-март, 2019-жыл.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн, 20-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн өкмөт элдин колундагы ок атуучу куралдын айрым түрлөрүнө тыюу салганын билдирди. Мындай кадамга Крайстчерч шаарындагы эки мечитте 50дөй адамдын өмүрүн алган теракт түрткү болду.

Тыюу салынган куралдын тизмеси атайын сайтта жарыяланат. Ал эми алардын ээлери атайын анкета толтуруп, автоматтык түрдө атылган куралды өткөрүп берүү боюнча полиция менен байланышууга тийиш.

Премьер-министр ошондой эле курал ээлерине кенемте төлөп берүүнү убада кылды. Өкмөттүн эсебинде буга бюджеттен 100-200 миллион доллар сарпталат. Элден чогултулган курал-жабдыктын баары жок кылынат.

XS
SM
MD
LG