Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

АКШ Ирандан ракеталык программасын токтотууну талап кылды


Ирандын “Фатих” аттуу 600 тонналык субмаринасы.
Ирандын “Фатих” аттуу 600 тонналык субмаринасы.

Ирандын ракета программасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга терс таасирин тийгизет жана аймакта курал атаандаштыгына шарт түзөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча жардамчысы Йелли Поблете билдирди. Ал “Иран тез арада баллистикалык ракеталарга байланышкан ишмердигин токтотууга, мындай ракеталарды террордук топторго жана башка жактарга сатууну токтотууга тийиш” деп кошумчалады. Поблете Иран Йемендеги хути козголоңчуларын жана Ливандагы "Хезболланын" согушкерлерин колдогонун айтты.

АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешин өзөктүк программасы үчүн Иранга карата санкцияларды киргизүүгө үндөп келет.

Тегеран аскердик кубатын арттырып, бул чөйрөдө алга кадам таштап жатканын ырастап келет. Бирок Батыштагы эксперттердин көбү "мындай ырастоолор чындыкка коошпойт, пропаганда үчүн эле жасалып жатат" дешет.

XS
SM
MD
LG