Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берет


Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев. 4-декабрь, 2006-жыл.
Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев. 4-декабрь, 2006-жыл.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев эртең, 20-мартта ант берет.

Казакстандын Конституциясына ылайык казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин расмий түрдө президенттик кызматка киришет.

20-мартта Токаевдин ант берүү аземи парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында жергиликтүү убакыт боюнча саат 12де башталат.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында турду.

Баш мыйзамдагы «Улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.

XS
SM
MD
LG