Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

«ЖМКны колдоо борбору» нуска боюнча «Супер-Инфону» колдоп чыкты


«Супер-Инфо» гезити.
«Супер-Инфо» гезити.

Бишкектеги «ЖМКны колдоо борборунун» жетекчиси Алмаз Курманкалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) «Супер-Инфо» гезитин текшерүүсүн негизсиз деп эсептеп, арызда көрсөтүлгөн маалымат эски экенин бышыктады. Бул тууралуу Курманкалиев «Супер-Инфо» гезити боюнча өткөн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.

«​Сайттагы маалымат Шаиста Шатманова айтып өткөндөй эски экенин расмий түрдө айта алам. Биз 5-февралда бул тууралуу 76 барактан турган түшүндүрмөнү Финполицияга жибергенбиз. Ал каттан кийин текшерүү өткөн. Биздин борбор басып чыгарган гезиттердин баарында, ошол эле «Супер-Инфонун» тиражында да айырмачылык жок. Ошондуктан Финполициянын эмнеге негиздеп текшерип жатканы мен үчүн да таң калычтуу болуп жатат»​, - деди ал.

Жыйынга «Супер-Инфо» гезитинин ээси Кылычбек Султан, гезиттин башкы редактору Шаиста Шатманова жана юристтер да катышты. Султан менен Шатманова басылманы тартып алуу максатында гезитке негизсиз айып коюлуп жатканын билдиришти.

Буга чейин «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Финполицияга сурак берип чыккан. Ал гезиттин нускасы тууралуу Насыкулов аттуу жарандын жазган арызынын негизинде чакырылганын айткан.

Финполиция 15-мартта «Супер-инфо» гезити курулай актанып жатканын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен» деп маалымат тараткан. Гезит бул маалымат эски экенин билдирүүдө. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG