Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Шатманова: Финполиция «Супер-инфону» негизсиз текшерип жатат


Шаиста Шатманова.
Шаиста Шатманова.

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) чакырылып, эки саат сурак берип чыкты.

«Буга чейин Финполициянын «Супер-инфо» гезитине карата «кызыгуусу» эмнеден улам башталганын толук билген эмеспиз. Көрсө Т. Насыкулов аттуу жарандын Финполицияга жазган арызынан кийин текшерүү башталыптыр. Ал ««Шамбала» жана «Пирамида» гезиттерин көп жылдан бери окуп жүрөм. Алар гезитте көрсөткөн нуска менен ал гезиттер басылып чыккан типографиянын сайтындагы маалымат туура келбейт экен. Ошону текшергиле» деген арыз экен. Ал арызда «Супер-инфо» боюнча бир да маалымат жок», - деген Шатманова Финполиция негизсиз текшерүү жүргүзүп жатканын айтты.

Шатманова Т. Насыкулов аттуу жарандын Финполицияга арыз жазуусуна «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун кошумчалады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 15-мартта «Супер-инфо» гезити курулай актанып жатканын билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен» деп маалымат тараткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG