Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:35

Индонезия: Жер көчкүдөн 80дей кишинин өмүрү кыйылды


Индонезиядагы былтыркы цунамиден жабыркагандар. 23-декабрь, 2018-жыл.
Индонезиядагы былтыркы цунамиден жабыркагандар. 23-декабрь, 2018-жыл.

Индонезиядагы бир нече күн бою тынбай жааган нөшөрдөн улам жүргөн жер көчкүнүн айынан 80дей кишинин өмүрү кыйылды. 43 адам дайынсыз. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Сутопо Пурво Нугрохо табигый кырсыктан Сентани району көбүрөөк жабыркаганын дүйшөмбүдө билдирди. 74 адам ар кандай жараат менен ооруканаларга жаткырылды. Өкмөттүн өкүлү курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал экенин кошумчалады.

Жыл сайын нөшөрлөгөн жаан-чачын жана суу ташкынынан улам 17 миң аралдан турган Индонезия мамлекетинде ондогон адамдар жан таслим болот.

Былтыр Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиде 2500 адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG