Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

Евробиримдик Крым үчүн кайрадан Орусияны сындады


Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.
Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Крымдын аннексиясынын беш жылдыгын утурлай Орусияны кайрадан сындады. Ал 17-марттагы билдирүүсүндө Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын талап кылган позициясынан кайтпай турганын билдирди.

"Европа Биримдиги эл аралык мыйзамды бузган бул кадамды тааныбайт жана айыптоону улантат. Бул эл аралык коопсуздук үчүн чоң көйгөй бойдон кала берет",-деп билдирди Могерини.

Ал арада Кремлдин басма сөз кызматы орус президенти Владимир Путин Крымдын Орусиянын карамагына өткөнүнүн беш жылдыгын жарым аралдын өзүндө жана Кара деңиздин жээгиндеги Севастополь шаарында белгилей турганын маалымдады.

Крымдын аннексиясы Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин Орусияга качып кетишине жол ачкан "Евромайдан" окуяларына удаа эле башталган. 2014-жылдын 27-февралында Украинанын Крым аймагында "жашыл кишилер" деген атка конгон белгисиз аскерлер пайда болуп, алар Крымдын парламентине, Симферополдогу аэропортко көзөмөлүн орнотушкан.

2014-жылдын 16-мартында Крымда көз карандысыздыкты жарыялоо жана Орусиянын курамына кирүү тууралуу маселе референдумга коюлуп, анын жыйынтыгы менен Орусия 18-мартта жарым аралды федерациянын бир бөлүгү деп жарыялаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Крымдын аннексиясын мыйзамсыз деп тааныган. Мындай резолюцияны көпчүлүк өлкөлөр колдоп, 11и гана каршы болгон. Москва крымдыктар өз ыктыяры менен Орусияга кошулууну чечкенин белгилеп, сын-пикирлерди четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG