Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

Армениянын мурдагы президенти түрмөдө калды


Роберт Кочарян.
Роберт Кочарян.

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын түрмөдөгү мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Сот Атайын тергөө кызматынын өтүнүчүн орундаткан.

Кочаряндын адвокаты Арам Орбелян чечимге каршы жогорку сот инстанциясына кайрыларын билдирди.

Роберт Кочарян Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы окуяга байланыштуу, конституциялык түзүлүштү кыйратуу аракети боюнча айыпталууда. Бир ай мурда ага «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген да айып коюлган.

Экс-президент өткөн жылдын 28-июлунда камакка алынып, аз өтпөй бошотулган. 7-декабрда кайрадан камалган.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң жапырт нааразылык акциялары башталган. Ошол кездеги президент Кочерян өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. 1-марттын таңында аянтта түнөгөн митингчилерге чабуул коюлган. Кагылыш учурунда бир жоокер жана тогуз демонстрант мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган.

Дал ушул армияны тынч демонстрацияны таратууга тартканы үчүн экс-президент «конституцияга каршы иш кылды» деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG