Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Бурулайдын соту: милициянын ишин кароо уланды


Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милициялардын соттук иши. 15-март, 2019-жыл.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милициялардын соттук иши. 15-март, 2019-жыл.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин кароо 15-мартта уланды. Отурумда чакырылган күбөлөр толук суралып бүттү.

Эки тараптын тең адвокаттары келерки олтурумга негизги иштеги экинчи айыпталуучу Акмат Сейитовду күбөлүккө чакыруу жөнүндө өтүнүч келтиришти. Сот аны канаттандырып, конвойго тапшырма берди. Кийинки отурум 22-мартка белгиленди.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту милиция кызматкерлерине карата ишти кароону 13-декабрда баштаган. Соттук процесс ортодо төрт жолу жылды. Акыркы жолу жыйын 7-мартта болгон.

Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG