Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:26

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген кыргызстандык ооруканага жеткирилди


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында атылган ок тийип жарадар болгон адам Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучуга ок тийгени такталды. Ал рентгенге коюлуп, биринчи медициналык жардам алып жатат.

Мунун алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылганы кабарланган. «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылып жатканын билдирген. Ал атылган октон улам бир милиция кызматкери жабыр тартканын көргөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы абал курчуп кеткенин ырастап, эки тараптын чек ара кызматы да эскертүү катары окторду атып жатканын кабарлаган.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Тажик тарап кечээ бир адам мерт болгонун, бир нече милиция кызматкери жаракат алганын кабарлаган. Кыргызстандын расмий өкүлдөрү 13-мартта бир нече адам жабыр тартканын билдиришкен. 14-мартта эки өлкөнүн президенттери жагдайды телефондон талкуулашты.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта түшкө чейин билдирүү таратып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын билдирген. Ага карабай чек арада эки тараптан тең адамдар чогулуп жатканы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG