Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Чек арада жабыркаган жаран ооруканага жеткирилди


Жаңжал болгон аймак
Жаңжал болгон аймак

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттыкка" билдирди.

"Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жараат алып, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал бутунан жараат алган. Ошондой эле Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен. Учурда Төрт-Көчө аймагындагы чыңалуу сакталууда", - деди Абдыкариева.

Ал эми Тажикстандын Исфара өкмөтүнүн атын атабаган өкүлү "Азаттыкка" төрт тажик жаранына таш тийип, Исфара шаарынын ооруканасына түшкөнүн айткан.

Ворух анклавындагы “Тожикон” айыл башчысы Гафуржон Жураев “Азаттыктын” тажик кызматына Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары окуя болгон жерге келмейинче, үч саат бою эки тарап тирешип турганын билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматы учурда эки өлкөнүн тийиштүү органдары кырдаалды жөндөө үчүн сүйлөшүп жатканын кабарлады.

Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салган. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланууда. (KR)

XS
SM
MD
LG