Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Катарда АКШ менен «Талибандын» сүйлөшүүсү аяктады


«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Москвадагы сүйлөшүүдө. 5-февраль, 2019-жыл.
«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Москвадагы сүйлөшүүдө. 5-февраль, 2019-жыл.

12-мартта Катарда АКШнын делегациясы менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы аяктады. Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзаддын айтымында, сүйлөшүүлөрдө айрым жылыштар бар, бирок чет элдик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу тууралуу келишимге жетишилген жок.

Халилзад сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы айдын аягында болушу ыктымал экенин кошумчалады.

Бул жолу тараптар январда жетишилген жалпы макулдашуунун чоо-жайын талкуулашкан. Чет өлкөлүк контингентти Ооганстандан чыгаруу, талибдер менен Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда диалог жүргүзүү маселелеринде пикир келишпестиктер чечиле элек.

АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресс бар экенин билдирди.

«Талибан» кыймылы өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу, куралдуу топтор ооган жергесин террордук чабуул коюуга пайдаланбашына байланыштуу жылыш болгонун маалымдады. Бирок талибдерди Кабул өкмөтү менен диалогго тартууда ийгилик бар-жогу айтылган жок.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын расмий бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып, аны Батыштын «куурчак» өкмөтү деп келе жатат.

Маалыматтарга караганда, өкмөттүк күчтөр Ооганстандын 60% аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор үстөмдүк кылат.

XS
SM
MD
LG