Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Казакстан: активист Серикжан Билаш «жихадчылык» боюнча айыпталды


Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалды. Активистке карата «улут аралык кастыкты козгоо» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан кийин башталган. Бирок прокуратура арыздануучунун аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

Көзөмөл органы Серикжан Билаштын сөздөрүндө улут аралык кастыкты козгогон чакырыктар бар экенин 5-мартта экспертиза аныктаганын, ал социалдык тармактардагы видеолор, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен да ырасталганын билдирди.

Маалыматта Серикжан Билаштын Кытайдан келген кайрылман экени жана казак жарандыгын алганы эске салынган. Активисттин аты-жөнү документтерде Серикжан Бияш деп жазылган, бирок ал Кытайда фамилиясы туура эмес жазылган деген негизде өзүн Билаш деп тааныштырып жүрөт.

Билаш 10-марттын түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. 11-мартта сот аны үй камагына чыгарган. Ал эки айга чукул мөөнөттө үй камагында болот.

Билаш Кытайдын Шиңжан аймагындагы казак-кыргыздардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмун жетектейт. Аталган уюм Кытайдагы улуттук азчылыктар, казактар куугунтукталып жатканын, Шинжаңда «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» бар экенин алгачкылардан болуп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG