Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

«Кыргызалтын» ишканасын холдинг катары түзүү сунушталды


«Кыргызалтын» ачык акционердик коомун холдинг катары түзүү сунушталып жатат.

Бул маалыматты аталган ишкананын өкүлдөрү ырасташты. Мындай план компанияны өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык иштелип чыкты. Анда холдингдин иштөө багыты кеңейтилип, өлкөдөгү кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана инвесторлор менен бирге иштетүү каралган.

Компаниянын жетекчилиги бул өзгөрүү өз кезегинде тоо-кен долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын толук коргоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ниеттенүүдө.

«Кыргызалтын» ишканасы 1992-жылдан бери иштеп келет. Анын курамына «Макмалалтын» комбинаты, «Солтон-Сары», «Терексай» кендери, Кара-Балтадагы аффинаждык завод кирет.

Андан тышкары Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын 32 пайыздык акциясына жана Талды-Булак кенин иштеткен «Алтын кен» ишканасынын 40 пайыздык акциясына өкмөттүн атынан ээлик кылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG