Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Африкадагы кырсыктан кийин «Боингге» суроолор көбөйдү


«Боинг 737 MAX» сынактан өткөн учур. Сиэтл, 29-январь, 2019-жыл.
«Боинг 737 MAX» сынактан өткөн учур. Сиэтл, 29-январь, 2019-жыл.

«Ethiopian Airlines»​ авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы ичиндеги 157 киши менен кыйрагандан кийин «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроолор келип чыкты. Алты ай мурун так ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Былтыр октябрдагы кырсыкта 189 кишинин өмүрү кыйылган.

«Ethiopian Airlines» компаниясы менен Кытай «Боинг 737 MAX 8» учактарын каттамдан алды. АКШнын учак жасаган заводу техникалык текшерүүгө көмөктөшүүгө адистердин тобун жиберди.

«Ethiopian Airlines» компаниясынын Аддис-Абебадан Кениянын баш калаасы Найробиге сапар алган учагы жерден көтөрүлгөндөн көп узабай кулап түшкөн. Авиакомпания учкуч асманга көтөрүлүп баратканда кайра аэропортко келип конууну суранганын билдирди.

Жүргүнчүлөрдүн арасында 30дан ашуун өлкөнүн жарандары болгон. Алардын 32си кениялыктар, 18и канадалыктар, кеминде сегиз америкалык, жети британ, беш немис, үч орус жана бир сербиялык болгон.

БУУ ар кайсы агенттиктеринин 19 кызматкери курман болгонун билдирди. Словакиянын парламент мүчөсү каргашалуу каттамда аялы жана эки баласы болгонун айтты.

11-мартта Эфиопияда аза күтүү жарыяланды.

«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак коммерциялык каттамдарга 2017-жылы чыгарылган.

XS
SM
MD
LG