Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Лондон Иранда кармалган британ жаранын коргой турганын билдирди


Назанин Загари-Рэтклифф кызы менен.
Назанин Загари-Рэтклифф кызы менен.

Британия 2016-жылдан бери Иранда түрмөдө отурган Назанин Загари-Рэтклиффди "дипломатиялык жолдор менен коргой турганын" билдирди.

Назанин Загари-Рэтклифф Британиянын жана Ирандын кош жарандыгына ээ. Лондон анын абактагы шарты оор экенин, үч жылдан бери кыйноого алынып келгенин айтууда.

- Британия аны коргоо боюнча адаттан тыш кадамдарга барып, дипломатиялык ыкмаларды колдонот, - деп билдирди 7-мартта британ тышкы иштер министри Жереми Хант.

Министр Британиянын кадамынан дароо натыйжа чыгышы күмөндүү экенин белгилеп, Иранды Назанинди токтоосуз бошотууга чакырды.

- Бир дагы өкмөт бейкүнөө кишилерди дипломатиялык курал катары колдонбошу керек. Ошондуктан мен бул күнөөсүз аялды бошотууга Тегеранды чакырам. Ал өз үй-бүлөсү менен чогуу болууга тийиш.

Британиялык "Thomson Reuters" фондунда эмгектенген Назанин Загари-Рэтклифф 2016-жылдын апрелинде Лондонго кетер алдында Тегерандын аэропортунда кармалып, камакка алынган.

Иран аны "бийликти кулатуу боюнча саясий кутумга катышкан" деген айып менен беш жылга түрмөгө кескен.

2017-жылдын күзүндө га карата "Иранга каршы пропаганда жүргүзгөн" деген кине менен жаңы кылмыш иши козголгон. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Назанинди актап, бошотуу керектигин айтып келатат. Маселе бир нече жолу эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG