Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Гутерреш ооган бийлиги менен талиптерди ымалага келүүгө чакырды


БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш
БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Ооган өкмөтү менен Талибанды тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып, өлкөдөгү тынчтык Ооганстандын ичиндеги күчтөрдүн диалогу аркылуу гана жетишерин белгиледи.

Антониу Гутерреш өлкөдөгү акыркы өнүгүүлөр 17 жылга созулган кандуу согушту аяктоого эң ыңгайлуу шарт жаралып калганынан кабар берет деп айтты.

- Мен буларды чукул арада түз жана натыйжа бере турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырам. Бул чыр аягына чыгышы керек жана ал элдин жашоосуна өзүнүн кесепетин тийгизбеши керек.

Талиптер буга чейин ооган өкмөтү менен түздөн түз сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып, адегенде чет элдик аскерлердин өлкөдөн чыгарылышын талап кылып келген. (KR)

XS
SM
MD
LG