Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:21

"МТС" Өзбекстандагы пара чуусу боюнча АКШга айып пул төлөйт


МТС компаниясы.
МТС компаниясы.

Орусиянын "МТС" телекоммуникациялык компаниясы менен АКШ келишим түздү. Ага ылайык, аталган компания Өзбекстандагы пара чуусуна байланыштуу АКШга 850 миллион доллар айып пул төлөйт. Мындай сумма былтыр эле даярдалганы МТС компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.

АКШнын Юстиция министрлиги жана Баалуу кагаздар менен биржалар боюнча комиссиясы 2014-жылы Өзбекстандын коммуникация рыногундагы коррупцияны иликтей баштаган. Бул ишке "МТС", "Veon" (Оурсиянын "ВымпелКом" компаниясына ээлик кылат) жана швециялык "TeliaSonera" компаниясы аралашканы айтылып, аларга Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнарага байланышы бар фирмаларга пара берген деген айып коюлган.

Тергөө эл аралык мобилдик операторлор Өзбекстандын байланыш рыногуна чыгуу үчүн жүз миллиондогон доллар бергенин билдирген.

2016-жылдын февралында "Veon" компаниясы келишимдин негизинде АКШга 795 миллион доллар айып пул төлөгөн.

"МТС" иликтөө башталганга чейин эле Өзбекстандын рыногунан кеткен. 2012-жылы Ташкент бул компанияны тейлөө лицензиясынан ажыраткан. Өзбекстандагы ишин токтотуу менен орусиялык компания 3 миллиарддай рубль зыян тартканы айтылган.

XS
SM
MD
LG