3-мартта өткөн «Ай тамга Солто» коомунун курултайы коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Ал чогулушка катышкан мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун айтымында, жыйынга мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, парламент депутаты Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаев сыяктуу Чүй өрөөнүнөн чыккан бир топ саясатчылар келген.
Жумагулов жыйында ар кандай көйгөйлөр талкууланып, элди ынтымакка чакыруу тууралуу гана кеп болгонун, саясий мүнөздөгү сөздөр айтылбаганын билдирүүдө. Аксакал саясатчы өзү мындай курултайларды жайылтууга каршы экенин, бирок ал жерге сыйлуу конок катары чакырылгандыктан акыл-насаатын айтыш үчүн барганын кеп салды:
- Эми муну үгүт кылбашыбыз керек. 14 жылдан бери өткөрүп жүрүшкөн экен. «Төртүнчү жолу чогулуп жатабыз» деп айтып калышты. Эң негизгиси - биримдикке чакырып, элди бөлбөй, чечилбеген маселелерди талкууласак болот. Президентти, өкмөттү колдосок абдан туура болот. Мындай болсо чогула берели.
Анткен менен «KyrgyzToday» сайты жыйында «Ай тамга Солто» коому менен дагы бир «Солто» деген коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестик чыкканын жазды. Ошондой эле аталган сайт курултайга барган саясатчылардын узун тизмесин жарыялады.
Кыскасы, Кыргызстан эгемендик алган жылдардын тартып өлкөдө дээрлик бардык уруулардын курултайлары өтүп келатат. Интернетти ачып карасаң жакынкы жылдары эле болгон моңолдор, сарыбагыш, бугу, кушчу, кыпчак урууларынын чогулуштары кадимки саясий партиянын курултайындай өткөнүн көрүүгө болот. Айрым серепчилердин пикиринде, кээ бир саясатчылар уруучулукту, жердешчиликти колдонуп бийлик менен соодалашууну мыкты өздөштүрүп алышты.
Саясатчы Равшан Жээнбеков мындай жыйындар ачык өтүп, ага белгилүү саясатчылар барып жатканын опурталдуу деп эсептейт.
- Кээ бир саясатчылар, ишкерлер муну жеке кызыкчылыгына пайдаланып келишет, - деди ал. - Мурда жогорку деңгээлдеги саясатчылар буга ачык аралашчу эмес. Акыркы жолкусунда ачык эле мурдагы өкмөт башчылардын катышканы «цивилизациялуу, демократиялуу өлкө куруп, мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз» дегенине туура келбейт. Алардын ошол жерде жүргөнү өтө уят. Анда алар өлкөнүн эмес, уруунун лидери болуп жүрө бериши керек.
Жыйырма жылдан бери «трайбализмден, уруулук, аймактык бөлүнүүдөн арылыш керек» деген чакырыктар байма-бай айтылганы менен иш жүзүндө коомчулук мындай түшүнүктөн арылбай жатат. Маселен, айрым учурда айылынан чыккан саясатчыны карапайым эл дараметине карабай «биздин бала» деген түшүнүк менен колдоп коёт. Ал тургай жогорку саясатта «президент түштүк аймагынан болсо, өкмөт башчы түндүк аймагынан болушу керек» деген жазылбаган мыйзам иштейт. Мындай «мыйзам» принциби министрлик кызматтардан тартып добуш алыш үчүн саясий партияларда да сакталат.
Тарыхчы Элери Битикчинин пикиринде, мамлекеттик институттар жакшы иштебеген учурда бейформал коомдор күч алат.
- Формалдуу эмес институттар күчтүү болуп атпайбы. Бул мамлекеттин алсыздыгы. Бардык институттар жакшы иштесе мындай топтор эч нерсеге таасир эте алмак эмес, - деди ал.
Алты миллиондон ашык эл жашаган мамлекетте көпчүлүктү түзгөн кыргыз улуту өз ичинен оң канат, сол канат, ичкилик жана аркалык, түндүк-түштүк деп бөлүнгөндөн сырткары кырк уруусун санайт. Адистер мындай бөлүнүү салт-санаа, үрп-адат, тарых үчүн жакшы болгону менен саясатта, кадр тандоодо тескери таасирин тийгизип жатканын белгилешет.