Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

«Таблиги жамаат»: дааватчынын күндөлүгү


«Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү. Казакстан.
«Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү. Казакстан.

«Азаттыктын» кабарчысы көргөн-укканын ичинен баяндап берүү максатында «Таблиги жамааттын» үч күндүк дааватына чыгып келди.

Эгемендик алган соң Кыргызстан дүйнө жүзүнө эшигин ачып, дүйнөлүк прогресс менен бирге кадам шилтегиси келип, «Кыргызстан - биздин жалпы үйүбүз» деген мамлекеттик идеологияны кеңири жайылта баштаган. Бирок мамлекетти алдыга сүрөгөн прогрессивдүү көз караштар, технологиялык жетишкендиктер менен кошо мамлекет кыргыздын кулк-мүнөзүнө, ата-бабалар карманган салттуу динге каршы келген агымдарга да эшигин кеңири ачып салды. Бири Сауд Арабиясынан келсе, экинчиси Египеттен, үчүнчүсү Индия менен Пакистандан келип, ар кандай диний агымдардын өкүлдөрү «биздин жол гана туура» деген идеясын калк арасына кеңири жайылтып, Кыргызстандын төрүн бийлеп олтурган чагы. Акыркы изилдөөлөр көргөзгөндөй, өлкөдө калктын 86 пайызы өзүн мусулман деп эсептейт, бирок бир эле ислам дининин Кыргызстанда бир канча агымдары бар. Алардын эң ириси «Таблиги жамаат» деген ат менен белгилүү. Бул жамааттын өкүлдөрү башка мусулмандарды динге тартууну жана өздөрүнүн ыйманын үч күндүк, кырк күндүк жана төрт айлык дааваттар менен бекемдөөнү көздөйт. «Азаттык» «Дааватчынын күндөлүгү» деген блогун окурмандардын назарына сунуш кылат.

Түшүндүрмө: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Таблиги жамаат» кыймылынын иш-аракети даават деген түшүнүк менен ассоциацияланган, ал эми уюмдун мүчөлөрүн дааватчылар деген ат менен белгилүү болгон адамдардын тобу түзөт.

«Таблиги» деген сөздүн чечмелениши - чакыруу, үгүттөө, ал эми «жамаат» - топ, уюм деп которулат.

Үч күндүн тартиби

«Дааватчылардын» аракеттери тууралуу субъективдүү ой толгоолорумду жазардан мурун алардын үч күндүк тартибин баяндап берүүнү туура көрдүм.

Үч күндүк дааватка чыккысы келгендер жума намазга жууркан-төшөгүн, кийим-кечесин, идиш-аягын жана жеке гигиена буюмдарын көтөрүп келип, намаздан кийин мечитке чогулушат. Ал жактан кыскача насаат угуп, бири бири менен таанышып, арасынан бирөөнү амир сап (лидер) кылып шайлап алып, ошол тегеректеги башка бир мечиттердин бирине жөнөшөт.

Бизди жөнөтүп аткан башчыбыз кайсы мечитке барарыбыз борбордук мечиттен чечилерин ишарат кылды. Үч күндө жеп-иче турган тамак-ашын ортодон акча чыгарып, дүкөндөн сатып алышат. Жолго аттанып аткан дааватчыларга мечиттеги дааватчы үч күндүн ичинде төрт нерсени азайтууну (тамактануу убактысын, уйкуну, дүйнө сөзүн, мечиттен себепсиз чыгууну), төрт нерсени көбөйтүүнү (дааватты, таалим-мутаалим же үйрөнүп-үйрөтүүнү, зикир чалууну, кызмат кылууну), төрт нерсеге кийлигишпөөнү (саясатка, мазхабдарга, мечит ишине, үммөттөрдүн кемчиликтерине) жана төрт нерседен сактанууну (пендеден үмүт кылууну, пендеден суроону, ырысапкорчулуктан жана бирөөнүн буюмун уруксатсыз пайдаланууну) насаат кылат.

Дааваттагы үч күн тең бир эле тартипте өтөт. Каалагандар түндө ойгонуп, түнкү намазды (тахажуд намазын) окуйт. Эртең мененки намазга милдеттүү түрдө туруп, намаздан соң амир сап машвара (жамаат менен күндү пландоо) деп аталган чогулуш өтөт. Анда бүгүнкү күндө ким эмне менен алек болору аныкталат. Жамаат 10 кишиден турса, экөө кызматта болот. Алар бир күн кечке жамаатка тамак бышырып, дасторкон даярдоо, мечитти жана айлана-тегеректи тазалоо менен алек болот. Дааватчылар жамаатка кызмат кылгандар эң көп сооп табат деп ишенишет. Дагы бирөө таалим-мутаалим (билбегенди үйрөнүү, билгенди үйрөтүү) деп аталган милдетти алат. Ал киши шашке ченде төрт китептен үзүндүлөрдү жамааттын мүчөлөрүнө жана мечитке келгендерге окуп берет. Дааватчылар таалимди төрт китептин негизинде жүргүзөт. Алардын аталышы - «Фазаил амал», «Фазаил садакат», «Хикаяту сахаба» жана «Тандалган хадистер». Аларды басып чыгарууга Кыргызстандын муфтиятынын уруксаты берилген жана аларды кыргыз жана орус тилинде дээрлик ар бир мечиттен жана диний адабият саткан дүкөндөн көрүүгө болот.

Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн биринде сатылган «6 сыпат» жана «Фазаил Амал» китептери.
Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн биринде сатылган «6 сыпат» жана «Фазаил Амал» китептери.

Күн батаарга чейинки намаздан (аср) кийин дааватчылар «гаштка» чыгат же башкача айтканда үй кыдырып, элди мечитке чакырууга киришет. Дааватчылар эркектер менен гана сүйлөшөт. Эгер эшикти аял киши ачса, «үйдө эркек барбы» деп сурайт. Дааватка чыккан топ амир саптан, сүйлөөчүдөн жана кызматчылардан турат. Амир сап кайсы көчөгө барышарын жана кайсы үйлөрдүн эшигин кагарын айтат. Сүйлөөчү адам эшикти ачкандарга Алла-Тааланын ыйыктыгын жана жалгыздыгын түшүндүрүп, мечитке чакырат. Эгер бирөө-жарым макул болуп калса, жанындагы кызматчылар аларды мечитке чейин коштоп, жол көрсөтөт. Ал убакта мечиттин ичинде да таалим окуучу дааватчы жана дааватка кеткендерге дуба кылып зикир чалып олтурган дагы бир киши болот. Гашт деп аталган иш-аракет 20-40 мүнөттөй созулат. Биз барган үйлөрдүн ээлери бизди көрөрү менен эшигин жаап алып, кирип кетип жатышты. Ал эми аял кишилер бизди алыстан көрүп эле «үйдө эркек жок» деп алыстан кыйкырып коюп, кирип кетишти. Бир сааттай убакытта биз жалпы узундугу 3 чакырымдай эки көчөнү кыдырып жетиштик.

Жеке мага дааватчылардын мындай ыкмасы элдин тек гана дааватчылардын өздөрүнө эмес, жалпысынан динге болгон мамилесин бузуп жаткандай сезилди. Эшигин ачып жаткандардын баары эле дааватчылардын мындай үгүтүнөн жадап, качып калганын байкоого болот. Сылык жооп бергендер «от жагып аттым эле», «мен Кудайга ишенем, бирок мечитке барууга убактым жок» деп жооп берип жатышты. Эшикти каккан дааватчыларга орой жооп берип жаткандар да болду. Алардын айрымдары унчукпай туруп эшигин кайра жаап алса, башкалары: «Силердин мындан башка кылаар ишиңер жокпу?» деп кагып-силкти. Тажрыйбалуу дааватчылар «элдин мындай орой мамилеси напсини сындырат» деп түшүндүрүп жатты. Бирок анда дааваттын түпкү маңызы чындап элди динге тартуубу же болгону өзүңдүн напсиңди сындыруу ыкмасыбы деген суроо жоопсуз кала берди.

Эгер бирөө-жарым эшигин жаап алса же мечитке барбай койсо, дааватчылар аларга «ыйман жолуна түшсүн» деп дуба кылышат. Кийин күн баткандан кийинки намаздан кийин чогулуп келген кишилерге шам баяны айтылып, хадистер окулат.

«Таблиги жамааттын» мүчөлөрү «Аллах жолуна чыгуу» деп дааватка чыгууну түшүнөт.
«Таблиги жамааттын» мүчөлөрү «Аллах жолуна чыгуу» деп дааватка чыгууну түшүнөт.

Кечинде окула турган акыркы намаз - куптандан кийин дааватчылар тамактанууга олтурат. Анда алардын бирөө тамак ичүү адебин айтып берет, ал эми жатаар алдында дагы бирөө уктоо адебин баяндап берет.

Ой толгоолор. «Таблигинин» күмөн жараткан принциптери

«Таблиги Жааматтын» негизги принциптеринин бири - «билгениңди үйрөт, билбегениңди үйрөн» (таалим-мутаалим). Бир караганда бул принципте калет жоктой сезилгени менен ал динди илимсиз, сабатсыз, дин жаатында билими же атайын диплому жок кишилер таратышына жол ачат. Мени менен дааватка биринчи жолу чыгып жаткан жигит бул тууралуу мени менен оюн бөлүштү:

- Мен биринчи жолу чыгып жатам. Мен динди терең урматтайм, бирок башкаларга бир нерсе үйрөтүүдөн мурун мен өзүм билимимди тереңдетким келет. Менимче дааватты каалаган эле киши эмес, илимдүү кишилер жүргүзсө туура болмок. Менимче амир сап башында эле биринчи жолу чыгып жаткандарды бөлүп, аларды көчө кыдыртпастан мечитте калтырып, илим алышын шартташ керек.

Дааватчылардын өздөрүнөн (амир саптан) “даават бул көчмө медресе” деген сөздү угууга болот.

Бирок медреседе илимдүүлөр гана сабак бере алат. Диний окуу жайларынын өзүнүн талаптары жана шарттары бар, ал эми дааватка чыгып, динди жайылтыш үчүн эч кандай атайын даярдыктын кереги жок. Мындай көрүнүшкө күбө болгондо байыртан айтылып келген «чала молдо дин бузат» деген кыргыздын сөзү эске келет экен.

Жамааттын курамы

Биздин жамаатка 11 киши чогулду. Үч күндүк дааватка 11 киши чогулса көп деп эсептелет экен. 11 кишиден төртөө (мени кошкондо) дааватка өмүрүндө биринчи жолу чыгып атканын айтышты. Алар дааваттан бирөөгө динди үйрөтүүнү эмес, тескерисинче дин үйрөнүүнү көздөп келгенин ишарат кылып, көчө кыдыруу жөрөлгөсүнө көңүл кош мамиле кылып, бирок айла жоктон моюн сунуп жатканын байкадым.

Биздин сапарга жашы элүүдөн ашып калган эки киши кошулду. Алар мурда да үч күндүк дааватка чыгып жүргөнүн айтышты. Советтер Союзунда тарбияланып калган эки аксакалдын көз караштары айрым учурда жаштардын пикири менен туура келбей, кечинде талаш-тартыштар, кызуу талкуулар жүрүп жатты. Жаштар «тойлорду, аны менен кошо ысырапкорчулукту жоюш керек, аш-тойлордо ашыкча мал сойгонду азайтыш керек» дегенине улуу муундун өкүлдөрү кошулбай, өз жүйөөлөрүн келтирип жатышты.

11 кишинин экөө - 20 жаштын тегерегиндеги студенттер, калган алтоо 23-32 курактагы жигиттер болду. Биздин арабызда бир 23 жаштагы карыке (медресенин бүтүрүүчүсү) да жүрдү. Биз андан билбегенибизди сурап, үйрөнүп жаттык. Биздин жамааттагы жигиттер менен баарлашып көрүп, алар үч күндүккө Курандын сүрөөлөрүн, дубаларды жаттаганга жана өздөрү билим алыш үчүн чыгып жатканын түшүндүм. Дааватка чыккандардын баарынын эле үй-бүлөлөрү, бала-бакырасы бар экен. Биз менен Кыргызстандын эң алдыңкы деп эсептелген жогорку окуу жайынын студенти чыкканын билгенде бир чети таң калып, бир чети диний илим алууга болгон муктаждык калктын ар кыл катмарында бар экенин жана мындай муктаждыкты дал ошол «Таблиги жамаат» кыймылы толуктап турганын түшүндүм.

Дааватчылардын мүдөөсү - кыпындай илимиң болсо да ошону башка мусулманга жеткире билүү. Ал эми динден таптакыр кабары жок инсандар ислам динин Мухаммад Закария Кандехлеви аттуу динчилдин китебинен тааныйт.

Мечитте олтурган дааватчылар «Тандалган хадистер» деген китептен үзүндүлөрдү окушат.
Мечитте олтурган дааватчылар «Тандалган хадистер» деген китептен үзүндүлөрдү окушат.

Үч күндүк, 40 күндүк жана төрт айлык дааватка кимдер чыгат?

Дааватка чыгыш үчүн адам оболу өз убактысын ошого тууралашы керек. Үч күндүк дааватка чыгуу салыштырмалуу түйшүк жаратпайт, себеби жума күнү кетип, дем алыш күндөрү Кудайга сыйынуудан эч кандай кемчилик көрүүгө мүмкүн деле эмес. Дал ошол себептен үч күнгө «үзүлгөндөрдүн» арасынан студенттерди, мамлекеттик кызматтарда иштегендерди, ишкерлерди көрүүгө болот. Бирок 40 күндүк дааватка келгенде жагдай өзгөрөт. Мамлекеттик же жеке кызматта иштегендерге мыйзамга ылайык бир жылда бир ай же 28 күн өргүү берилет. Демек 40 күндүк дааватка алардын чыгышы татаал болуп калат. 40 күн дааватка чыгып келгендерден «эми төрт айга ниет кылыңыз» деп суранышат. Бирок төрт ай үй-жайын таштап, телефонун өчүрүп, чет жакка чыгып кетүү ириде адамдын өзүнө социалдык, финансылык кыйынчылык жаратып, үй-бүлөсүндөгү мамилелерде түшүнбөстүккө алып келиши толук ыктымал. Эл арасында дааватчыларды терс өңүттө көрсөткөн көрүнүштөрдүн бири - алар өз үй-бүлөлөрүнүн эркине каршы жер кезип кеткени. Даават айтууну жана динге чакырууну дааватчылар «Кудайдын жападан-жалгыз жолу» деп тааныйт.

«Таблиги жамааттын» адабияты.
«Таблиги жамааттын» адабияты.

Ошол эле учурда исламдын беш парзында да (ыйман келтирүү, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу), ыймандын жети түркүгүндө да (Алланын жалгыздыгына, периштелерге, ыйык китептерге, пайгамбарларга, акыретке, тагдырга, өлүмдөн кийинки тирилүүгө ишенүү), ихсандын шартында да даават кылуу «жалгыз жол» деп даңазаланган эмес.

«Таблиги жамаат» экстремисттик көз караштан оолак, бирок радикализмге жол ачат

Анткени менен Кыргызстандагы «Таблиги жамааттын» мүчөлөрү алар ханафи мазхабын карманаарын айтып келишет. Дааватка чыгып жаткандагы насаатында саясатка жана башка агымдарга кийлигишпөө керек экенин байма-бай эскертип, намазга жыгылууда жана башка амалдарында салттуу ханафи мазхабынын тартиптерине баш ийет. Бул жагынан алып караганда «Таблиги жамааттын» үч күндүккө «үзүлүшүнөн» экстремисттик же башка тариздеги жат көрүнүштөрдү байкоо мүмкүн эмес.

Ким эле мечиттен чыкпай, Кудайдан жакшылык тилеп олтурганды каалабасын? Бирок кайтып келгенде анын мүчөлөрү менден «40 күнгө үй-бүлөңүздү таштап кеткенге шартыңыз барбы» деп сурабастан «келиңиз, таксыр, эми 40 күндүккө жана төрт айлыкка ниет кылалы» деп колун жайып дуба кылып атканы мага өөн сезилди. Менин оорулуу ата-энем, бала-бакырам бар. Алардын жалгыз ишенген кожосу мен болуп туруп, анан «Алланын жолуна кеттим» деп айлап-жылдап дайынымды таптырбай жер кезип кетсем, о дүйнөгө барганда Кудай мени кечиреби? «Бейиш эненин таманынын астында» деп коюп, энемди боздотуп кетип калсам, пайгамбардын шыпааты мага тиеби?

«Таблиги жамаат» бизге кайдан келген?

Индияда 1920-жылдын башында көптөгөн мусулмандар индуизмге өтө баштаган. Ал убакта индуизмдин дааватчылары жер кезип, динге үгүттөө иштерин катуу жүргүзчү. Аны көргөн мусулман динчилдерде индуизмдин үгүтчүлөрүнө туруштук берүү максатында ошолордун ыкмаларына окшош, күчтүү психологиялык таасири бар бир үгүт ыкмасын иштеп чыгуу муктаждыгы жаралган. Ошентип 1927-жылы Мавляна Мухаммад Ильяс аттуу имам «Таблиги жамаат» кыймылын негиздеген. «Таблиг» деген сөз арабчадан «жеткирүү», «кабардар кылуу» дегенди билдирет.

Пакистандагы дааватчылар.
Пакистандагы дааватчылар.

Ильяс Кандехлеви «динди таратыш үчүн үгүтчүнүн атайын билими болушу зарыл эмес» деген идеяны карманган. Биз менен чыккан дааватчылардын бири «даават - бул көчмө медресе» деген ойду айтты. Ильяс Кандехлеви дүйнө менен кош айтышкан маалда (1944-жылы) «Таблиги жамаат» Индиянын бардык аймагына кеңири жайылганга жетишип, бирок алар ошондо эле саясаттан оолак болорун ишарат кылышкан.

Диний эксперттердин баамында учурда Кыргызстанда 30 миңден 50 миңге чейин Таблиги Жамаат кыймылынын активдүү мүчөсү бар.

Ал эми бул кыймылдын иш-аракеттерине тартылгандардын жалпы саны андан бир нече эсе көп.

Дааватчылардын айтымында, жыл сайын таблигчилердин Пакистанда октябрь айында өтүүчү форумуна (ижтима) Кыргызстандан миңге жакын киши барат. «Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөсү берген маалыматка ылайык 2016-жылы ижтимага 900 киши, 2017-жылы 800 киши, ал эми былтыр ага 600дөй кыргызстандык катышканы айтылган. Анын айтымында учурда 200дөй бала Пакистанда жайгашкан кыймылга таандык медреселеринде билим алат.

Мамлекеттик кызматкерлерди дааватка тартуу аракети

Бул кыймыл Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Кытайда жана Орусияда экстремисттик деп табылган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кыргызстандагы кырдаал коңшулардан айырмаланат. Дүйнөбий деген өлкөдө бул кыймыл расмий түрдө каттоодон өтпөгөнү менен аны өлкөнүн муфтияты жана таасирлүү дин таанытуучулар ачык колдоп келет. Алар «Таблиги жамаат» диний радикализмди токтотуп турган күч деп ишенишет.

Казакстандагы «Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү.
Казакстандагы «Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү.

Ал эми мамлекеттик кызматкерлер жада калса жамаат менен үч күндүк дааваттарга чыгып жүргөн учурлар да белгилүү. 2019-жылдын январь айында Таластын мэри Айдар Жусупбеков бир катар шаардык кеңештин депутаттары жана жеке ишкерлер менен кошо Кара-Балтадагы медресеге үч күндүк дааватка чыгып келгенин айтып берди. Ал дааватчылардын катарында ишкерлер, салык төлөөчүлөр жана мыйзамга баш ийген тартиптүү жарандар көп экенин айтты:

Үч күндүк дааватка чыгып келген Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков.
Үч күндүк дааватка чыгып келген Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков.

- Мен бир жыл мурун умрага (кичи ажылык) барып келгем. Келип намаз окуп калдым. Азыр беш маал намаз окуган жокмун. Жума намазга Таластагы борбордук мечитке барып жүрөм. Ал жактагы тааныш намаз окуган балдар «дааватка барып келебиз» деп эки-үч жолу жумушума чейин келип жүрүштү. Кийин убакыт таап, жаңы жылдан кийин дем алыш күндөрү 4, 5, 6сы (январь - ред.) үч күнгө Кара-Балтага дааватка барып келдик. Менин жашым элүүдө. Бизди Советтер Союзу атеист кылып тарбиялап салыптыр да, көрсө. 27 киши болуп бардык. Ал жактан кичүү болсо да медреседе билим алган балдардан билим алдык, көп нерсени үйрөндүк, пайдасын көрүп келдик. Ал жерде жаман эч нерсе жок экен. Мен 40 күнгө, төрт айга чыккандарды угуп жүрөм. Бала-чакасын карабай, чет мамлекеттерге да кетип калгандар бар экен. Андай ишке өзүнүн мүмкүнчүлүгүн карап барат болуш керек. А мен «мамлекеттик кызматта иштеп жаткандыктан андай жерге барууга убактым да жок, колум да тийбейт» деп шыр эле айттым. Мени чакыргандар Таластагы эле тааныш балдар. Аларды көп жылдан бери эле тааныйм. Чоочун эмес.

Дааватка эркектер гана эмес, аялдар да чыгып жүрөт. Айрым учурда үй-бүлөлөрү менен бирге да чыгышат. Аялдардын дааваты «мастурат» деп аталат, бирок аялдар мечитте эмес, мечитке жакын жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгашат. Аялдардын дааваттары тууралуу теолог жана дин изилдөөчүлөрдүн арасында да маалымат аз.

«Таблиги жамааттын» мүчөлөрүнүн соту. Астана, 2016-жыл.
«Таблиги жамааттын» мүчөлөрүнүн соту. Астана, 2016-жыл.

Кыргызстанда «Таблиги жамаат» кыймылына тыюу салуу аракеттери 2009-жылы болгон. Анда Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кыймылды террористтик жана экстремисттик деп табуу өтүнүчү менен кайрылган, бирок кийинчерээк башкы көзөмөл органы «кыймылдын ишин терең изилдеш керек» деп өз өтүнүчүн артка кайтарган.

«Таблиги жамаат» тууралуу теологдордун пикири ар башка. Айрымдары бул кыймыл саясатка аралашып, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкпай тургандыгын, «Таблиги жамаатты» экстремисттик же террордук уюм катары сыпаттоо жаңылыштык экенин айтышат. Башкалары бул кыймыл жаштар арасында радикалдуу көз карашты калыптандырарын эскертишет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын мурдагы орун басары, эксперт Канатбек Мурзахалилов «Таблиги жамаат» кыймылынын оң таасири катары түрмөдөн чыккан адамдарды реабилитациялоо, айылдагы ичкиликке берилип кеткен жаш-карыларды дин жолуна тартуу экенин айтып, бул багытта кыймыл эбегейсиз кызмат аткарып жатканын белгилейт.

Бирок «Таблиги жамаат» кыймылы Жамааттык Коопсуздук боюнча Кызматташтык Уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) документтеринде экстремисттик деп таанылган. Мурзахалилов кыймылдын Кыргызстандагы статусу ЖККУнун жана ШКУнун келишимдерин ишке ашыра баштаганда кыйынчылык жаратышы мүмкүн деп кооптонорун билдирди.

Дин таануучу, диний агымдарды изилдеп келген теолог Кадыр Маликов «Таблиги жамаат» кыймылын неосуфийлер деп сыпаттап, аларды башка экстремисттик уюмдардан саясатка кийлигишпегени, халифат курууга чакырык таштабагандыгы жана мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө каршы чыкпаганы айырмалап турарын айтат. Мындай пикирди Татарстандын жана Тажикстандын дин таануучулары да колдойт.

«Таблиги жамаат» кыймылынын ишмердүүлүгүн ичинен көрүп, баяндап берүү мүмкүнчүлүгү жаралганда, мен салттуу динди карманган инсан катары бир чети кубанып, бир чети толкундандым. Бүгүнкү күнү дин Кыргызстан коомунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калганы анык. Бирок ошол эле учурда дин айрым ири державалардын же аймакка бүлүк салууну көздөгөн күчтөрдүн куралы болуп калгандыгын да тануу кыйын. Ошондуктан мамлекеттин башчысы, тийиштүү органдар, динчилдер баары биригип, Кыргызстандын ичинде канатын жайган диний агымдар тууралуу терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыктарын элге жеткирүү маанилүү экенин аңдап түшүнсө деп тилейм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG