Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Пакистан индиялык учкучту мекенине кайтарды


Учкуч Абхинандан Вартхамандын бошотулганы тууралуу кабарды көрүп жаткан адам.
Учкуч Абхинандан Вартхамандын бошотулганы тууралуу кабарды көрүп жаткан адам.

Пакистан армиясы 27-февралда туткунга алган индиялык учкуч Делиге кайтарылды. Анын учагы талаштуу Кашмир аймагынын үстүнөн атып түшүрүлгөн.

Абхинандан Вартхаман жума күнү Вагах чек ара бекетинен Индия тарапка өттү. Бир күн мурда Исламабад учкучту “тынчтык ишарасын” кылып, элине кайтараарын билдирген.

Пакистан куралдуу күчтөрү шаршембиде Индия аба күчтөрүнүн согуштук эки учагын өз мейкиндигинде атып түшүрүшкөнүн билдирген. Дели MiG-21s учагын жоготконун бышыктоо менен катар пакистандык учактардын Кашмирге сокку уруусун алдын алышканын айткан. Ошондой эле кошуна өлкөнүн бир учагын атып түшүрүшкөнүн маалымдаган. Исламабад учагы атылганы туралуу кабарды четке какан.

Атомдук куралга ээ болгон эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полциячынын өмүрүн алып кеткенден кийин курчуп кеткен.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Жаиш-и Мухаммад” тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG