Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Арменияда 2008-жылкы кандуу окуя эскерилүүдө


Президент Армен Саркисян 2008-жылкы окуянын курмандыктарын эскерүүдө. 1-март, 2019-жыл, Ереван.
Президент Армен Саркисян 2008-жылкы окуянын курмандыктарын эскерүүдө. 1-март, 2019-жыл, Ереван.

Армения 2008-жылкы кандуу окуянын 11 жылдыгын белгилеп жатат. Анда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразы болгондор демонстрацияга чыгып, ортодогу кагылышуунун айынан сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Шайлоону ошол кездеги президент Роберт Кочаряндын жакын санаалашы Серж Саркисян жеңгени жарыяланган. Жума күнү премьер-министр Никол Пашинян ошол кездеги өкмөт тынч демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгонун белгиледи жана курман болгондорду бирден атады.

Кечинде премьер-министр Еревандагы жүрүшкө катышмакчы. Пашинян былтыр Саркисянды кызматтан кетүүгө аргасыз кылган тынч акциялардын натыйжасында бийликке келген.

Экс-президент Кочарян ошол 2008-жылкы кан төгүүгө байланыштуу камакка алынган. Ал өзү оппозицияга каршы күч колдонууга буйрук бергени тууралуу дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG