Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

«Коопсуз шаар» аныктаган 20 миңдей эреже бузуунун айыппулу кечилди


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары 18 миң 600 жол эрежесин бузган фактыны аныктады. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, эреже бузулган учурлар боюнча айыппул төлөнбөйт деп чечилди.

Бул ИИМ Тартип бузуу жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылганы менен байланыштуу. Анда автоунаа ээлери айыппулду он күндүн ичинде төлөсө, жазанасы 50%чейин кыскарат деген тактоо киргизилгени турат.

Саркулов билдиргендей, мыйзам кабыл алынгандан жана жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Башкача айтканда 4-марттан кийин катталган эреже бузуу фактылары боюнча автоунаа ээлеринин даректерине кат-кабарлар жөнөтүлө баштайт. Бул эреже бардыгына бирдей иштеши үчүн буга чейинки айыппулдар толук кечилет.

12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча көпчүлүк айдоочулар бул порталда эреже бузуу фактылары тууралуу маалымат жок экенин айтышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG