Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Казакстанда «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандарды полиция кармап кетти (видео)


Алматы шаарындагы активисттерди кармоо. 27-февраль, 2019-жыл.
Алматы шаарындагы активисттерди кармоо. 27-февраль, 2019-жыл.

Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кетти. Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес.

Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур Отан» партиясынын кеңсеси жайгашкан жерге чогулгандарды полиция кармап кетти. Алматыда чогулгандар жумуш орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу тууралуу талаптарын айтышты. Алардын арасында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандар да болду.

27-февралдагы Астанадагы «Нур Отан» партиясынын курултайында сөз сүйлөгөн президент Нурсултан Назарбаев жакыр үй-бүлөлөр үчүн «40 миңден ашык батир салууну өкмөткө тапшырганын» билдирди. Ошондой эле ал бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 45 пайызы социалдык багытка жумшала турганын айтты.

Казакстанда көп балалуу энелер ушул айдын башынан бери баш калаа Астанада жана Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушту. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Бул нааразылыктар 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Бозгундагы казак олигархы, оппозициячыл саясатчы, тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын негиздеген Мухтар Аблязов 27-февралда, «Нур Отандын» курултайы күнү элди ал партиянын кеңселерине чогулууга, көп балалуу энелердин талаптарын колдоого чакырган.

Ушул жумада Казакстанда өкмөт да алмашты. 25-февралда жаңы премьер-министр болуп Аскар Мамин дайындалды. Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев башкарган өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт» деген сын менен кызматтан кетирген.

XS
SM
MD
LG