Дастан Шаршеев кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча кесипкөй мушкерлер арасында өткөн беттеште чемпион болду.
Ал орусиялык атаандашы Алексей Додоновду экинчи раундда нокаут менен утту. «Мыктылардын мелдешин» жаңы түзүлгөн кыргызстандык «К-1 Max Pro» промоутердик компания уюштурган. Анын алкагында 10 беттеш өтүп, Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан спортчулар катышты.
Мелдеш Кожомкул атындагы спорт ордосуңда 25-февралда өттү.
Дастан Шаршеев буга чейин эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча мелдештерге катышып келген. Уюштуруучулардын айтымында, бул Дастан Шаршеевдин кикбоксингдин кесипкөй мушкерлер арасындагы алгачкы беттеши. (GT)