Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Түрмөдөгү саясатчы Эрнест Карыбеков Жогорку сотко кайрылды


Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

Жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Эрнест Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгууну өтүнүп Жогорку сотко арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев билдирди.

Анын айтымында, сот Карыбековдун ишин келерки аптада карашы мүмкүн. Ал азыр №1 абакта кармалып турат.

Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында, "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп таап, жаза мөөнөтүн кыскарткан. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган.

1-январдан тарта Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. Бул актыларга ылайык камактагы 500дөй адамдын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG