Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Жапония ишке келчү чет элдиктерди көбөйтөт


Жапондордун чай ичүү салты. 24-октябрь, 2018-жыл.
Жапондордун чай ичүү салты. 24-октябрь, 2018-жыл.

Жапонияда 1-апрелден тартып чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Жалпысынан Токио алдыдагы беш жылдын ичинде 14 тармакка 340 миң чет элдик жаранды ишке алууну пландап жатат.

Тиешелүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү парламент былтыр жыл соңунда катуу талаш-тартыштан кийин жактырган. Буга чейин чет өлкөлүк жумушчулар атайын программанын негизинде гана кабыл алынчу. Мыйзамга ылайык, кесиптик квалификациясы жогору жумушчулар Жапонияда чектелбеген мөөнөткө калууга жана үй-бүлөсүн кошо алып барууга уруксат алышат. Ал эми квалификациясы төмөндөргө өлкөдө беш жылга гана үй-бүлөсүз иштеп кетүүгө уруксат берилет.

Токионун мындай кадамга барышына жапон калкынын азайышы жана жумушчу күчтүн жетишпестиги түрткү болду. Ошону менен катар соңку жылдары Жапонияга "окууга" деп мыйзамсыз келип жаткан чет элдиктерди легалдаштыруу максатын да көздөйт. Анткени мыйзамсыз барган жумушчулардын укуктары сакталбай, аз айлыкка иштөөгө аргасыз болушат. Соңку үч жылда жумуштун оордугунан 70тей “чет элдик үйрөнчүк” өз жанын кыйган.

XS
SM
MD
LG