Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Айбек Дайырбеков Кинематографисттер союзуна башчы болду


Айбек Дайырбеков.
Айбек Дайырбеков.

Режиссер Айбек Дайырбеков Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун жаңы төрагасы болду. Мындай чечим уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынды.

Төрагалык кызматка үч талапкер болгон. Алар: Марат Сарулу, Айбек Дайырбеков жана Болот Алимбаев. Болот Алимбаев өз талапкерлигин кайра алып койду.

Союздун 305 мүчөсү бар. Съездге алардын 148и катышты. Сарулу 69, ал эми Дайырбеков 79 добуш алды.

Уюмдун башкармалыгында төрагадан тышкары 10 адам бар.

Кинорежиссер, сценарист жана продюсер Дайырбеков 39 жашта. Ал "Ак Илбирс" улуттук кинопремиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын "Дарак ыры" толук метраждуу фильми бир катар эл аралык сыйлыктарга татыды. (RK)

XS
SM
MD
LG