Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

"Кентаврдагы" жан дүйнөнүн кыяматы


"Кентавр" тасмасынын постери.
"Кентавр" тасмасынын постери.

Адеп баштаганда эле кино дүйнөсүнө өзгөчө үнү менен келген белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын соңку тасмасы «Кентавр» кайсы бир даражада мындан мурда тартылган картинасы «Свет акенин» уландысы, адабияттын тили менен айтканда, анын континууму десек жаңылышпайбыз.

Эки тасманын тең башкы каарманы (автордун өзүнүн аткаруусунда) - айланасындагы адамдарга окшошо бербеген, дүйнө таанымы да, көз карашы да, ой жүгүртүүсү да башкалардан таптакыр айырмаланган кишилер.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, экөөнүн тең энчиленип коюлган аттары унутулуп, эл тарабынан берилген ылакап атты алып жүрөт. Бул эки каарманды жакындаштырган дагы бир жагдай – Свет акенин да, Кентаврдын да укмуштуудай жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, бийиктиги, айкөлдүгү.

Бирок бул буга чейинки тасмалары менен эле дүйнөлүк кино мейкиндигине таанылган сүрөткер жаңы тасмасында кайталанып калган дегендикке жатпайт.

Эгер Актан Арым Кубат «Свет акеде» бир айылдагы электриктин тагдыры аркылуу ошол кезде жарык издеп карайлап турган кыргыз коомунун турмушун жогорку чеберчиликте чагылдырса, ал эми жаңы чыгармасы жалпы адамзаттык маселени козгоп, таптакыр башкача деңгээлде, башкача өңүттө жаралыптыр.

Бул жааттан алганда «Кентавр» улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдары, «Ак кеме» повести жана дүйнөлүк кино кеменгерлери И. Бергмандын «Уяты» («Стыд»), Л. Бунюэлдин «Назарини», Р. Брессондун «Айылдык поптун күндөлүгү» («Дневник сельского священника»), А. Тарковскийдин «Курмандыкка баруусу» («Жертвоприношение») менен кыйла үндөшүп турат.

Кино таануучулар «Уятты» Апокалипсисти, мындайча айтканда, кыямат күндүн келишин сүрөттөгөн тасма катары баалап жүрүшөт. Бергмандын картинасында музыкант жубайлар жашаган чакан, бирок бак-дарактуу кооз айылга акыр заман сырткы күчтөрдүн, тагыраагы, адам баласынын колунан жаралган курал-жарак аркылуу бири-бирин жок кылууга умтулган согушчандардын кесепетинен келип, бир канча мезгилден кийин айылда тирүү жан калбай, күлү көккө сапырылат. Ал эми кыргыз режиссерунун тасмасындагы кыяматтын белгилери алда канча опурталдуу, алда канча алааматтуу десек болот. Анткени бул – жакырланып бараткан жан дүйнөнүн, ички туюм-сезимдердин, ыймандын, адеп-ахлактын кыяматы.

Бир кезде улуу жазуучу Ч.Айтматов ашкере кооптонуу менен эскерткен, адамды акыл-эсинен, эркиндигинен эле эмес, эстутумунан да ажыратып, аны түбөлүк зомбиге, маңкуртка айландырууга умтулган коркунучтуу күчтөр бүгүн ар бирибиздин эшигибизди кагып, ал түгүл үйүбүзгө чейин кирип келди (мен түрдүү диний агымдар эле эмес, Батыштын жапайы маданиятын, биздин улуттук угутубузга жат идеологияны, материалдык дүйнөнүн үстөмдүк кылышын, Интернетти ж.б.у.с. айтып жатам). Жүздөгөн кылымдардан бери ата-бабалар аздектеп келе жаткан каада-салттардын тепсендиде калышы, көөнөргүстөй болгон маданияттардын четке кагылышы – бул тек бир улуттун, бир элдин трагедиясы эмес, бул бүтүндөй адамзаттын трагедиясы.

Эгер улуттук баалуулуктар, нарк-насилдер колдонуудан чыкса, эгер кишидеги улуу сапаттар: адамгерчилик, боорукерлик, кайрымдуулук унутулса, андай адамдын адамдыгы калабы? Аны адам деп атоого болобу? Адамдар арасында ишеним жоголгон, динди курал катары колдонуп, Жаратканды да соодалаган бул эмне болгон заман, эмне болгон коом?

Адамгерчиликтен курдай жылаңач калып, байлыкка, бийликке манчыркаган, кара күчкө сыйынып, кээде (кошоматчылары көшөкөрлөнүп турганда) өзүн Кудайдай сезип кеткен дүйнөдөгү миңдеген Карабайлар менен Турдулардын кесепети жалпы элге, жалпы адамзатка тийбейби? Адамдан ыйман качып, пейил бузулуп, эң пас, эң ыплас сезимдер башка чыккандыгы үчүн бир кезде Содом менен Гоморраны күм-жам кылгандай Жараткан бизди да каарына албайбы? Деги материалдык байлыктын кулуна айланган адашкан коом, адашкан адамзат кайда баратат? Мындай коомдун келечеги барбы? Кентаврды миң ойлонтуп, миң толготкон, анын жан дүйнөсүн түйшөлтүп, уйку бербеген суроолор мына ушулар.

Адам болуп адамча жашабай, же айбан эмес, же адам эмес, арасат макулукка айланып бараткан көр пенделер үчүн ал түндөсү чымын-куюн болуп тулпар чаап, Жараткандан жалбарып кечирим сурайт. Адамдарды акыл-эске, ыйманга келтирүүнү өтүнөт. Анын бул аракети тээ байыркы мезгилде Кудайды, Чындыкты издеп, чөл кезип жүргөн Жакып пайгамбарды эске салат.

Тасманы бир беткей түшүнгөндөр үчүн режиссердун бул картинасы ислам динин шылдыңдагандай туюлушу мүмкүн. Бирок динди ким кандай түшүнөт, Алла Тааланы ким кандай тааныйт - анын абийир эркиндигине, жеке ынаным-ишенимине жараша болот эмеспи. Ал эми биз сөз кылып жаткан чыгармада тескерисинче, диний мотив өтө күчтүү берилген (Кентаврдын жалгыздап Кудайды издеши, ага кайрылуусу, элден куулушу жана эң аягында каза табышы).

Кентаврдын ички ынанымында туңгуюкка бараткан ар бир элди анын түпкү тамыры, эстутуму, маданияты сактап калат. Тасмадагы залкар режиссер Төлөмүш Океевдин «Кызыл алмасы» (Айтматовдун новелласы боюнча тартылган) бийик маданияттын символу катары көрсөтүлсө, ал эми Кентавр уурдап чапкан күлүк аттарды улуттун уңгусу, уюткусу, элдин руханий дүйнөсү, эркиндиги, нарк-насили катары түшүнөбүз. Мен эркиндиги деп бул жерде бекеринен айтып жатканым жок. Бир мезгилдерде шамал менен тең жарышып ат үстүндө алгыр куш сыяктуу эркин жашаган көчмөн эл бүгүн ошол эркиндигинен ажырап, өз канатын өзү чаап, майдаланып, куну качып, пайдачыл, ач көз мал кишиге айлангандыгын Карабайдын мисалынан көрүп жатпайбызбы!

Кентаврдын пикиринде бүгүнкү биз жашап жаткан турмушта баары теңирден тескери кетип жаткандыгына, апаат-кырсыктардын (анын ичинде өз баласынын дудук төрөлүшү) байма-бай кайталанышына адам менен табияттын ортосундагы гармониянын бузулушу, адамдын эсирип, өтмүшүн унуткандыгы, касиеттүү, ыйык нерселерди мындай кой, Кудайдын өзүн да тааныбай калышы күнөөлүү.

Көркөмдүк жактан да, эстетикалык-эмоционалдык таасири жагынан да чеберчиликтин жогорку чегине, илимий тил менен айтканда, апогейине жеткен эпизод - бул тасманын башталышы менен финалындагы башкы каармандын кулач жайып, кудум көккө көтөрүлчүдөй ат чаап бараткандагысы.

Чыгарманын аталган келкиси мага бирде эпостогу учкул тулпарларда сызып бараткан укмуштуу баатырларды эске салса, бирде адамдын майтарылбас кайратын, улуулугун даңазалаган дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн картиналарын жадыма түшүрдү. Арийне, автор бул көрүнүш менен насили адам эркин экендигин, анын жан дүйнөсү, руху дайыма бийиктикке, түбөлүктүүлүккө умтула тургандыгын каймана мааниде бергиси келгендиги талашсыз.

«Свет аке» сыяктуу «Кентавр» да башкы каармандын өлүмү менен аяктайт. Бирок Кентаврдын окко учушу өзгөчө идеялык жүк аркалайт. Ал кишилерди «куткаруу» үчүн (кеңири мааниде жалпы адамзатты сактап калыш үчүн) курмандыкка барат, т.а. өз өлүмү (каны) менен алардын күнөөсүн жууйт.

Бир сөз менен айтканда, өз уулуна тил бүтүшү, Карабай, Турду, Садыр ж.б. сыяктуу айылдаштарынын адам кейпине келиши, тазарышы үчүн Кентаврдын өлүмү талап кылынат. Фильмдин ушул бөлүгү орустун атактуу режиссеру А. Тарковскийдин соңку эмгеги «Курмандыкка баруу» менен өзөктүк жактан абдан жакын. Мурдагы актер, белгилүү журналист, жазуучу Александр да көмөкөйүнө операция жасалып, бирок али сүйлөй албаган дудук баласына Кентавр уулуна мамиле кылгандай өзгөчө мамиле кылат, т.а. ага жалпы адамзаттык баалуулуктарды сиңирип, алдына баласын чыныгы адам катары тарбиялоо максатын коет. Тасма ата-баланын көл жээгинде куу дарак тигип, Александр уулуна кайсы бир заманда православ ибадатканасынын Памбе атуу кечили тоонун башына ушундай куурап калган дарак отургузуп, шакирти Иоаннга ал дарак көктөп-өскөнгө чейин күн сайын суу куюп турушун табыштаганын айтып бериши менен башталат. Иоанн күндө эртең менен даракка суу куйганы тоонун башына чыгып, кеч күүгүмдө ибадатканага кайтат. Үч жылдан кийин дарак кадимкидей гүлдөп-өсөт.

Баласы болгону беш-алты жашта экендигине карабай, Александр жан дүйнөсүн удургутуп, көкүрөк-көөдөнүнө сыйбай жарып чыкчудай болгон орошон ойлорун, жанын жай алдырбаган сезимдерин аны менен тең бөлүшөт. Андан аркы окуя кереметтүү табият койнунда башкы каармандын өзгөчө табит менен курулган үйүндө уланат. Бул күн Александрдын туулган күнү болгондуктан, аны куттуктоо үчүн тааныш-билиштери, кошуналары чогулат.

Сыналгыдан өзөктүк согуш башталганы тууралуу маалымат берилгенде баарынын үрөйү үчүп, бир саамга убакыт жылбай токтоп калгансыйт. Ушул учурдан тартып окуя чиеленип, адамдар ортосунда дүрбөлөң, ызы-чуу башталат. Александрдын аялынын эси чыгып, туталана баштайт.

Аялы бир аз тынчып, коога басаңдаганда Александр экинчи кабатка көтөрүлүп, өзү жатчу бөлмөгө кирет. Чөк түшүп отуруп, Кудайга жалынып-жалбара баштайт. Ал Жаратканга кайрылып, өзүнүн жана жалпы адамдардын жасаган күнөөсү үчүн кечирим сурайт.

Эгер баары мурдагыдай жай-жайында кала турган болсо (т.а. атомдук алаамат башталып, жер жүзүнө кыямат күн келбесе, анткени бул согушта «жеңгендер да, жеңилгендер да болбойт») «мендеги болгон-бүткөн нерсенин баарын ал, ал түгүл жандай көргөн уулумдан да баш тартайын» дейт. Ал эми үйүн орду-түбү менен жок кылууга жана бул жөнүндө эч кимге тиш жарбоого убада берет.

Эртеси өзөктүк апаат башталганы анык болбосо да (биз дүйнөлүк кино өнөрүнүн туу чокуларынын бири жаатында толук талдоо жүргүзүүнү максат кылбагандыктан, бул жерде көптөгөн деталдарга, мисалы, Александрдын көзү ачык кыз Мария менен эмне себептен төшөктөш болгонуна ж.б. көңүл бурганыбыз жок), ал убадасын аткарууга камынат.

Үй-бүлөсүн жана келген конокторду алдоо менен сейилдеп келүүгө жөнөтүп, өзү үйүн өрттөп жиберет. Үйдү эмне үчүн өрттөгөндүгүн тигилерге түшүндүрө албагандыктан (баары бир алар Александрды түшүнмөк эмес), атайын машине чакырып, аны жиндиканага жөнөтүшөт.

Тасманын аягында атасы экөө отургузган куу даракка баланын чакалап суу ташып жатканын көрөбүз. Мында дарак – тирүүлүктүн, өмүрдүн символу, адамзат баштап келе жаткан улуу көчтүн улантуучусу. Ал эми фильмдин: «Эмне үчүн эң биринчи Сөз болгон, ата?» - деп дудук баланын Инжилдеги абалкы сөздү (өткөн күнү атасынан уккан) оозанып сүйлөп кетиши менен бүтүшүндө да терең подтекст катылган.

Сөз - адам жан дүйнөсүн азыгы, анын рухий байлыгы, бийик маданияты эле эмес, Сөз ай-ааламды Жаратуучунун да түпкү өзөгү, анын Өзү деп айтылып жүрбөйбү. Демек, Сөз бар болгону үчүн жашоо бар, Сөз бар болгону үчүн Кудай бар. Мында баланын биринчи жолу сүйлөп жатып ушул сөздү оозго алышы жана атасына жогорудагыдай суроо узатышы да жөн жеринен эмес. Бул бала алдыда атасынын жолун улап, жашоонун маани-маңызы жөнүндөгү түбөлүктүү суроолорго жооп издеп өмүр кечире тургандыгынан кабар берип жатат.

Эми «Кентаврдын» финалына кайрылып келе турган болсок, көпүрөнүн үстүндө апасы жетелеп бараткан дудук бала атасына ок жаңылганда жыгылып түшүп, «Ата!» деп кыйкырып иет.

Биз жогоруда айтып өткөндөй, башкы каармандын курмандыкка барышы менен уулуна тил бүтүп, ал сөз кудуретине ээ болот. Башкача айтканда, Александрдын уулу сыяктуу Кентаврдын баласы да анын рухий мураскери катары эми өз турмушунда адамдагы асыл сапаттарды (бийиктикти, аруулукту, улуулукту) туу тутат. Чындык үчүн башын сайып болсо да күрөшөт.

Ким билсин, автор баланы бекеринен көпүрөнүн үстүндө сүйлөтүп жатпагандыр. Балким, көпүрөнү келечектин символу катары эле эмес, адамзат жаралган күндөн баштап эңсеп келе жаткан зордук-зомбулугу жок адилеттүү, чынчыл, жомоктогудай ажайып коомго барчу жол, өткөөл катары көрсөткүсү келгендир. Анан калса маданияттын, рухий дүйнөнүн эн белгиси катары Кентаврдын бабинаны (кино тасманы айлантуучу аппаратты) дал ушул көпүрөдөн өтүп бараткан жаштарга карматып кетиши да бекеринен эместир.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Айтор, кинонун контекстинен чыгаан сүрөткер бу саам көп катмарлуу, көп кырдуу, дүйнөлүк маданияттын алдыңкы дөөлөттөрү менен өтмө-катар байланышы бар, ар тараптуу (философиялык, диний-эсхатологиялык ж.б.) чечмелөөнү, чоң талашты туудура турган тасма жаратканына күбө болдук. Албетте, биз тасма жөнүндө жалпы жонунан, учкай сөз кылдык, ал эми кыргыз киносундагы өзгөчө көрүнүш, көрүнүктүү режиссердун кайталангыс табылгасы катары аталган фильм жөнүндө али алдыда далай кеп жүрөрү турган иш.

Айтмакчы, көрүнүктүү кинорежиссердун аталган тасмасы 28-февралдан баштап «Ала-Тоо» кинотеатрында кайрадан көрсөтүлө тургандыгын көрөрмандардын эсине сала кетели.

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG