Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

Карыпбеков: КТРКнын жамаатын эч нерсе деп кыйнаган жокмун


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков өзү тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берди. Анын айтымында, ал кийинки мөөнөткө калыш үчүн эмгек жамаатына кайрылган эмес.

- Башкы директордун тагдыры ачык сынак менен жашыруун добуш берүү аркылуу чечилет, - деди ал. - Мен ошону түшүнүп туруп ошондой иш кылмак белем? Акыркы күндөрү айрым топтор мени кайра сынакка тапшыртпоого аракет кылып жатышат. Колунан келишинче каралап жатат.

Илим Карыпбеков кайрадан сынакка катышып-катышпасын чече элек экенин кошумчалады.

Буга чейин журналист Тынчтыкбек Алтымышев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына телеканалдын айрым кызматкерлери Илим Карыпбековду экинчи мөөнөткө калтырууга аракет кылып жатышканын жазган. Бул кабар социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

КТРКнын жетекчилигине сынак 18-январда жарыяланган. Арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү менен тандайт. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу жарыяланган.

Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.

Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG