Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Иманалиев ЖЭБ боюнча дооматтарга жооп берди (видео)


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария жана анын кесепеттерин жоюуга, оңдоп-түзөөгө кеткен 386 млн. доллар каражатты териштирүү боюнча маалымат угулуп жатат.

Анда депутат Каныбек Иманалиев келишимге кол койгон депутаттардын эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди:

- Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жылына бирден Жогорку Кеңештин төрагасын камап турушубуз керек. Себеби, жакында биз 156 млрд. сом бюджетти бекиттик. Ошолор министрликтерге, жолго, мектепке бөлүнөт. Анан Тарых музейинен, ооруканадан жегендей эле дагы жешет. Түздөн-түз жегендер бар. Анан ошого төрага жооп береби? Мына логикасынын деңгээли. Экинчи логикасына таянсак, 120 депутаттын баарын камаш керек. Себеби, биз эки жылдан бери 46 келишимге кол койдук. Ал 1 млрд. 960 млн. болду. Кимиңер кепилдик бересиңер, ал акча желбейт деп? Бирок, ага Жогорку Кеңеш эмес, тендердик комиссия, министрликтер, эң көп насыя алган транспорт жана энергетика министри жооп бериши керек, - деди депутат.

Ирина Карамушкина ЖЭБ боюнча ошол кездеги парламенттеги тиешелүү комитет жетекчилеринин жана төраганын да жоопкерчилиги каралышы керек экенин айткан.

Бишкек ЖЭБинде 2018-жылдын январында болгон авариянын жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG