Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

“Коопсуз шаар”: “Кыргыз почтасына” кошумча кызматкерлер алынат


"Кыргыз почтасы" ишканасы.
"Кыргыз почтасы" ишканасы.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына кошумча кызматкерлер алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын почта ташуу жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова билдирди. Анын айтымында, кызматкерлер ар кайсы аймакта иштин көлөмүнө жараша карап алынат.

Жээнбекованын айтымында, Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы менен “Кыргыз почтасынын” ортосундагы келишимге ылайык, ишкана кат келип түшкөн күндөн тартып үч күндөн сегиз күнгө чейинки убакта автоунаа ээлерине айыппул тууралуу маалыматты жеткирип бериши керек.

- Айыппул салынган адам үйүндө жок болгон учурда ага ар бир он күн ичинде кайталанган билдирүүлөр ташталат. Бул маалымат 30 күн бою маалымат бөлүмүндө сакталып турат. Ошол убакыт ичинде маалымат жиберилген жаран аны келип албаса, Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилет. Кийинки ишти ошолор жүргүзөт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында “Кыргыз почтасы” 1385 кишини окутту.

12-февралда Бишкекте жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар ишке кирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштарын ЖКККБнын Байкоо борборуна барган учурда билдирди.

Мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймыл эрежелерин бузуу тууралуу материалдарды иштеп чыгуу менен алектенет.

Андан соң тийиштүү кагаздар "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу автоунаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG