Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:52

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, санариптик экономикага өткөнгө байланыштуу 15-февралга чейин жол картасы иштелип чыгып, өкмөттүн токтому менен бекийт. Буга Транспорт жана жолдор министрлиги да катышат.

- Жакында сүйлөшүүлөр башталат, - деди ал. - Качан иш башталаары ошондо чечилет. Сүйлөшүүлөр ар кайсы жерде болушу мүмкүн. Орусия да "кошулам" деп жатпайбы. Ошондуктан сүйлөшүүлөр Орусияда, Кыргызстанда, Кытайда, Өзбекстанда өтүшү мүмкүн. Биз мурдагы эле схема менен иштеп жатабыз. Ошондой эле калтырганга аракет кылабыз.

Буга чейин Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу маселесинде Кыргызстанга Орусия көмөктөшө турганы айтылган. Орусиянын тиешелүү мекемеси темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жардамдашат.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол салуу тууралуу демилге көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен орток пикир табылбай жүрөт. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду салууга 6-6,5 млрд. доллар кетет. Буга байланыштуу маселе былтыр Бээжинде президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында да көтөрүлгөн.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация Бээжинде Кытай темир жол куруу корпорациясынын жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

2017-жылы Кыргызстан-Кытай темир жолу боюнча үч тараптуу жумуш тобу түзүлгөн. Анда үч вариант каралып жатканы, Кыргызстан Торугарт, Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейин келген маршрут вариантын карманып жатканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG