Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Мандаттан ажыратуунун мандеми көп


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Кыргызстандын Жогорку соту Бишкек шаардык кеңешинин депутатын мандаттан ажыруу боюнча төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды.

Депутат кандай учурларда мандатынан кол жууйт? Чет өлкөнүн жарандыгын жүйө тартуу мыйзам ченемдүү көрүнүшпү же саясий күрөштүн куралы болуп жатабы? Деги Кыргызстанда чет элдиктер мамлекеттик кызматтарга келе алабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана адвокат Эрик Ирискулбеков катышты.

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, сөздүн алды айтсаңыз, депутат болуп иштеп жаткан адам мыйзам боюнча кандай учурларда мандатынан ажыратылат?

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Абдыжыпар Бекматов: - Азыркы учурда жергиликтүү кеңештинби же Жогорку Кеңештин депутаты болобу, иштеп жатканда бир нече жагдайлар түзүлгөндө мандаты токтотулат. Алардын айрымдарын айтсак: депутат мандатын токтотуу боюнча өзү арыз жазса, соттун айыптоочу чечими күчүнө киргенде, депутат каза болуп калганда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда ж.б. шарттарда депутат мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылат.

«Азаттык»: - «Депутаттардын чет элдик жарандыгы бар» деген соттошуу жараяндарынын көбү мандатын алып иштеп жаткандан кийин болуп жатат. Ал адамдын жарандыгын шайлоо башталганга чейин тактап коюуга болот беле?

Абдыжыпар Бекматов: - Андай тактоо физикалык жактан мүмкүн эмес болуш керек. Дүйнөдө 200гө жакын мамлекет болсо, биздин жарандар алардын көбүндө окуп, иштеп же башка ар кандай шарттар менен жашап, жарандыгын алып жүрүшөт. Алардын баарынын жарандыгын тактоо мүмкүн эмес. Биздин мыйзамдар Кыргызстандын жарандарына башка өлкөлөрдүн жарандыгын алганга жол берет. Ошол жашап жаткан мамлекеттин макулдугу болсо эле жетиштүү. Бирок мыйзамда алар Кыргызстанга келип муниципалдык, мамлекеттик саясий жогорку кызматтарды ээлей турган болсо, анда ошол мамлекеттердин жарандыгынан чыгып келиши керек деген норма бар.

«Азаттык»: - Акылбек мырза, Жогорку Кеңешке шайлоодо, президенттик шайлоодо да «негизги талапкерлер башка өлкөнүн жараны» деген маселе көтөрүлүп, чоң кармаштын темасына айланып келатат. Бул көрүнүштөрдө мыйзамдуу негиздер барбы же саясий чайкоочулуктун натыйжасы болуп жатабы?

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

Акылбек Сариев: - Конституцияда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча кош жарандуулук туурасында так жазылган. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо эки ача түшүнүктөр, так көрсөтүлбөй калган учурлар бар. Биз эске алып коюучу бир чоң маселе бар. Айталы, шайлоо боюнча мыйзамдар шайлоо учурунда гана колдонулушу керек, ал норма мыйзамдын биринчи беренесинде так көрсөтүлүп турат.

Мындан сырткары, «Депутаттын статусу жөнүндө» деген мыйзам бар, ал депутаттын ишмердүүлүгүн тескейт. Ушул жана башка мыйзамдарга таянсак, депутаттарды эки-үч жылдан кийин мандаттардан ажыратуу туура эмес. «Мыйзамдын күчү кайра артка иштебейт» деген эреже бар. Эгер ал адамдын депутат болгонго чейин кош жарандыгын таппадыңбы - жөн эле коюш керек. Кош жарандыгын шылтоолоп мандатын жөн эле токтотуп коюп жатышат. Эгер мыйзам артка иштей турган болсо, анда ошол депутаттын эки-үч жыл бою алган маянасын, мамлекет короткон башка чыгымдарын - баарын төлөтүш керек, бизде бул жагынан эч ким жоопкерчилик тарткан жок.

«Азаттык»: - Эрик мырза, сиз Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон Коргонбай уулу Жусупбектин жарандыгына байланыштуу соттук териштирүүдө адвокаттык кылган экенсиз. Сиздин оюңузда Жогорку соттун депутатты мандатынан ажыруу боюнча чечиминде мыйзамдуулук сакталды десек болобу? Же бул жерде да саясий боек барбы?

Эрик Ирискулбеков.
Эрик Ирискулбеков.

Эрик Ирискулбеков: - «Башка өлкөнүн жараны Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт» деп мыйзамда так чек коюлган. Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутат болуш үчүн андай чек жок. Конституциянын 52-беренесинде «башка өлкөнүн жарандары жогорку саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт» деп так жазылып турат, башка тыюу жок. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары мыйзамда көрсөтүлгөн жогорку саясий кызматтарга кирбейт. Мыйзамдагы мындай мүчүлүштүктөргө, кемчиликтерге жөнөкөй жарандар жооп бериш керекпи, же мамлекетпи? Ким жоопкерчиликти алыш керек? Биздин мамлекет ал жоопкерчиликтин баарын биздин жарандарыбызга жүктөп койду. Ошол эле БШК, соттор жарандардын укугун коргой албай калды. Жогорку бийликтегилер болсо «бул мамлекеттин кызыкчылыгы, мыйзам баарына бирдей колдонулушу» дейт. Андай болсо Ош шаарынын мээринин кош жарандыгы жөнүндө сөз болду эле. Эмне үчүн ага чара көрүлбөйт? Жок дегенде текшерип коюшкан жок. Албетте, бул жерде кош стандарттуулук болуп жатат.

Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз:

Мандаттан ажыратуунун мандеми көп (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:36 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG