Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:19

Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөгөн камералар менен радарлар иштейт


Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.

12-февралдан тартып ишке киришүүчү камералар менен радарлардын иши тууралуу бүгүн журналисттерге кеңири маалымат берилди. Ага ылайык, баш калаанын Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия, Фучик көчөлөрү менен кесилишинде, ал эми Чүй проспектисинин Бейшеналиева, Жаш Гвардия, Фучик жана Курманжан датка көчөлөрү менен кесилишинде камералар орнотулат. Мындан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев, Абдрахманов, ошондой эле Москва — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштеп баштайт. Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат.


Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.(BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG