Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Футбол федерациясынын президенти болуп Канатбек Маматов шайланды


Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын жаңы шайланган президенти Канатбек Маматов.
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын жаңы шайланган президенти Канатбек Маматов.

Бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясынын делегаттарынын конференциясы болуп өттү. Анда делегаттар азыркы президент Семетей Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы президентти шайлады. Федерацияны эми Канатбек Маматов жетектейт. Маматов бул кызматка жалгыз талапкер болгону, шайлоо футбол федерациясынын уставына ылайык өткөнү аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин Маматов федерациянын вице-президенти болуп эмгектенип келген. Ал 1998-жылы ОшМУнун Дене тарбия кафедрасын жетектеген. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы болуп иштеген.

Федерациянын жобосуна ылайык президент бул кызматка төрт жылга шайланат.

Мурдараак президенттикке талапкер катары беш киши каралып жатканы айтылган. Алардын арасында кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров, футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, ишкер Аскар Салымбеков болгон. Андан тышкары өз талапкерлигин Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов койгон.

Федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов бул кызматтан өз каалоосу менен кетерин 7-январда жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган. (KR)

XS
SM
MD
LG