Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Армения өкмөтү "экономикалык революция" башталганын жарыялады


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армения өкмөтү беш жылдык иш пландарын камтыган программа кабыл алып, аны бекитип берүү өтүнүчү менен документти парламентке жөнөттү.

Кезексиз өткөрүлгөн жыйындагы добуш берүүнүн алдында премьер-министр Никол Пашинян бул программа "экономикалык революциянын башталышы" экенин билдирди.

- Өкмөт өзүн бул процесстин бирден-бир маанилүү катышуучусу деп эсептейт. Негизги милдетибиз - мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга Армениянын жарандарын, жеке адамдарды жана ишканаларды шыктандыруу. Ал мүмкүнчүлүктөр декларативдик эмес, иштиктүү болушу керек, - деди Пашинян.

Арменияда өткөн жылдын декабрында парламенттик шайлоо өтүп, анда жеңип чыккан ыңкылапчыл күчтөр январда өкмөттү кураган. Элдик толкундоонун шары менен бийликке келген Пашинян бийлик толук колго өткөн соң экономикада чоң секирик жасоого убада берип келген.

XS
SM
MD
LG